Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 29.07.2019 10:13

Айыл турмушу: Таластык мугалим У.Нусупов 12 км алыс айылга каттап, балдарга билим берүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 33 жаштагы тургуну Урмат Нусупов мектепке 12 чакырым алыстан каттап, балдарга дене тарбия сабагын окутат. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко окуучу кезинен эле кызыгат. Учурда кошуна Арал айылындагы М.Сейталиев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштейт.

«Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дене тарбия бөлүмүнө бардым. Волейболго жакын болгондуктан көп оюндарга катышып жүрдүм. Көп жактан чакыруу келип, «биздин командага ойноп берип койчу» деген сунуштар көп болчу. Волейбол оюну менен кетсем апамдын жанында боло албай каларымды түшүндүм. Ошондуктан баарынан баш тартууга туура келди.

Бир жолу Москвага барганбыз. Ошол жерден орустар ойногонумду жактырып: "Келишим түзөлү, 1 жыл биздин командада ойно. Айлыкты сен каалагандай төлөп берели" деп сунуш кылышкан. Бирок мекенимдин атынан чыгып ойнобогондон кийин деп кабыл алган эмесмин. Азыр кошуна Арал айылындагы М.Сейталиев атындагы орто мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенип жатам. Мектеп мен жашаган айылдан 12 чакырым алыста жайгашкан. Балдардын спортко болгон кызыгуусу мен үчүн узун жолду жакындаткандай сезилет. Өткөн жылкы ийгиликтерибиз жакшы. Жаңы окуу жылында андан да алдыга жылганга аракет көрүп жатам. Биздин мектепте 200дөн ашуун окуучу болгондуктан мелдештерге бала тандоо кыйынчылык жаратат. Ойногонго каалоосу жок окуучуну кызыктырып, үйрөтүш керек болот. Кээ бир баланын кызыгуусу күчтүү болот да, шыгы азыраак болот. Андай учурда ал балага өзүнчө көңүл буруп үйрөтөм. Анткени адамда каалоо болсо бардыгын жеңип чыгат деп ишенем.

Быйыл окууну аяктаган окуучуларым «Агай, мен дагы сизге окшош мугалим болгум келет. Кайсы окуу жайга барсам болот?» деп кайрылышса өзүмдүн жакшы кесипти аркалап калганыма сыймыктандым. Мектепте жүрсөң кызыктуу жагдайларга туш болосуң. Кыздардан команда түзүү кыйын болот экен. Коллективде эжекелер көп. Мен жалгыз агай болуп, алардын урмат-сыйын көп көрөм», - деди ал.

Мугалим 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×