Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 31.07.2019 10:21

«Апа, мени чоң кыздар сүйүп калбадыбы»: 8 жаштагы Канатка ашык болгон селкилер. Сүрөт

Turmush -  «Эгиздер» долбоорубуздун кезектеги каармандары Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын 8 жаштагы тургундары Жанат Тармалова менен Канат Тармаловдор болмокчу.

Жанат: Аттарыбызды чоң апам коюптур. Мага атым жагат. Мен бош убакта велосипед тебем. Келечекте мыкты спортчу болсом дейм. Сыналгыдан веложарыштарды көрөм, ошого катышам. Биз быйыл 2-класска көчтүк. Мен жакшы окуйм. Канатка көп жардам берем. Сабактан билбей калган жерлерин айтып жардамдашам. Канат китепкабын көтөрө албай чарчап калат. Ошондуктан анын китепкабын дагы мен көтөрүп келем.

Эгиздердин апасы Элмира Пайызова: Мен Чүйдүн кызымын. Жолдошум менен Бишкекте чогуу иштеп жүрүп баш кошконбуз. Кайын энемди бир эмес, эки эгиздин апасы дегенде суктанып таң калгам. Эми минтип биз дагы эки жолу эгиздүү болдук. 2 эгиздерим тең бири кыз, бири бала. Мен апамдын жолун уладым окшойт (күлүп).

Канат 1 кг 600 гр, Жанат 1 кг 700 гр болуп төрөлгөн. Эгиздерден кийин ортодо 2 бала, андан кийин кайра эгиздер төрөлгөн. Канат менен Жанат төрөлгөндө эгиздер деп аябай сүйүнгөнбүз. Бирок бакканда кыйынчылыгы дагы болду. Кайын энем менен чогуу багып чоңойттук. Кийинки эгиздерибизге 2 ай болду. Канат мээнеткеч, өзүнө тыкан, тырбалаңдап көптү үйрөнгөнгө тырыша берет. Жанат бышыгыраак жана апама жакын.

Канат: Жанаттан мен улуумун, бирок боюм кыска. Мен малга, тракторго жакынмын. Чоңойгондо трактор айдап акча таап, чоң апамды атамды, апамды багам. Алар үйдө отурушат. Азыр тракторду айдаганды үйрөнүп алайын деп атам менен трактордо жүрөм. Бош убакта атама жардам берем, мультфильм көрөм. Ал жактагы каармандарды сүрөткө тартам.

Көптөр «сенин көзүң күйүп, адамды өзүңө тартып турасың» дешет. Бир жолу мектептен келе жатканда чоң кыздар «көздөрү балбылдап сулуу бала экен» деп айтышкан. Апама «апа, мени чоң кыздар сүйүп калбадыбы» деп айтып келгем. Ошондо баары күлүшкөн.

Апасы: «Мени чоң кыздар сүйүп калбадыбы» деп калса эле Жанат кызгангандай чычалап кетет (күлүп). Эки эгиздин ортосунда 2 бала бар. Күздө улуусу мектепке барат. Ал балам «Апа, мени дагы эгиз кылып төрөбөйт белеңиз. Менин дагы эгизим болсо мен дагы мектепке экөө болуп барат элем. Жалгыз баргандан коркуп жатам» деп күлдүрүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×