Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 31.07.2019 10:37 На русском

Таласта 2 унаа кагышып, айдоочу 2 баласынан ажырады. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 30-июлда Талас районунун Сасык-Булак айылында 2 унаа кагышып, 3 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Унаалардын бири «Ауди» үлгүсүндөгү унаа экендиги айтылууда.

Адамдардын каза болгондугун Талас райондук биргелешкен ооруканасынан тастыкташты. Кырсык катталган жерде айдоочунун эжеси Т.С. көз жумса, айдоочунун 2008-жылы туулган баласы ооруканага жетпей каза болгон. 2010-жылы туулган уулуна ооруканадан биринчи жардам көрсөтүлүп, Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок ал тез жардам унаасында бара жатканда жан берген.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдө бөлүмүнүн кийинчерээк билдирген маалыматына караганда, айдоочунун 2 баласы эмес, 1 уул, 1 кызы каза болгон.

«Талас районунун Арал айылынын 1988-жылы туулган тургуну К.С. 30-июль күнү саат 23:30 чамасында Талас районунун Кара-Ой айылынын түштүк тарабында (Тараз—Талас—Суусамыр жолунун 142-чакырымы) чыгыштан батышты карай «Ауди А6» унаасын айдап бара жатып, жолдо кырсыкка учураган. Анын кесепетинен 2008-жылы туулган Н.М аттуу бала менен 2010-жылы төрөлгөн А.М. аттуу кыз жаракат алып, Талас районунун Чат-Базар айылынын ооруканасында каза болгон. Унаанын ичинде келе жаткан 1972-жылы туулган Т.С. аттуу аял (Талас шаарынын тургуну) окуя болгон жерде каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×