Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуБакай-Ата району 01.08.2019 16:36

Таласта уругу Түркиядан алынып келип өстүрүлүп жаткан төө буурчак текшерилди

Turmush -  Кечээ, 31-июлда Бакай-Ата районунда төө буурчактын Түркиядан алынып келип, 20 гектар жерге сыноо үчүн эгилген нирвана сортунун өсүшү текшерилди.

Бакай-Ата районундагы сортторду сыноо участогунун башкы агроному Нурдин Байдөөлөтов учурда нирванадан башка 5 сорт сыноодон ийгиликтүү өтүп жатканын кошумчалады.

«Булардын түшүмдүүлүгүн күзүндө айтсак туура болот. Азыркыга чейин бул сорттор 4 жолу сугарылды жана тегиз өсүп жатат. Алдыда аба ырайына жараша дагы канча ирет сугарыла турганы такталат. Бардык сортторго бирдей мамиле жасалууда», - деди ал.

Мамлекеттик сортторду сыноо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев Таласта эмнеге түркиялык гана сорттор эгилип жатканын түшүндүрүп берди.

«Франциянын, Голландиянын сортторун тигип көргөнбүз. Бирок эл сатып албай койгон. Анткени сортко суроо-талап болушу керек. Бирок ал сорттордун өсүшү жакшы болгон. Эмнеге түркиялык сортторду эгип жатабыз? Себеби биздин төө буурчакты эң көп алган өлкө Түркия болуп жатат. Азыр сыноодон өтүп жаткан нирвана сортун дагы алар сунуштаган», - деди Айдаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×