Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу, Талас 01.08.2019 17:13

«Футболго жибербей койду»: Таятасын өлтүрүп, жер төлөгө таштап салган небере

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Талас шаарынын 36 жаштагы тургуну Үмүт Алибиева бир нече жылдан бери милиция кызматкерлеринин катарында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир тууган (6 кыз, 1 уул). Учурда милициянын майору.

«Мен кичинемден эле милиционер болууну кыялданчумун. 2005-жылы ИИМдин А.Алиев атындагы академиясын аяктадым. Ошол эле жылы Талас облустук ички иштер башкармалыгына катчылыкка жумушка орношком. Андан кийин Бишкек шаарынын Свердлов районунда жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор болуп 2 жыл иштедим. Андан кийин Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө 5 жыл жаш өспүрүмдөр менен иштештим. Акыркы 5 жылдан бери Талас райондук ички иштер бөлүмүндө өспүрүмдөр менен иш алып барам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушунда эсинде калган окуяларды айтып берди.

«Мындан 3-4 жыл мурун 7-класстын окуучусу үйүнөн 60 миң сом акча уурдап жоголуп кеткенин айтып кайрылышты. Аны Талас шаарындагы интернет клубдарды кыдырып, сүрөтү менен карап жүрүп таап алдым. Көрсө ал кайрылган адамдардын жээни экен. Тайлары менен чогуу жашачу. Ал бизге каттоого тургандан кийин көп аракет кылып иштештик. Анан эле шумдуктуу кабар келди. Ал бала футболго барам деп таятасынан суранса жөнөтпөй коюптур. Ошол нерсе үчүн таятасын өлтүрүп, жер төлөгө салып койгон экен. Биз аны кандай жолго салсак да болгон жок. Бүгүнкү күнгө чейин түрмөдө калды.

Өспүрүм убакта үйүнөн качкан балдар көп кездешет. Алардын психологиясын жакшы билиш керек. Бир окуучу кыз ата-энесин укпай, көп жолу үйүнөн качты. Мени гана угуп, тил алып калат. Апасы чалганда эле жөнөйбүз. Таап барып, ата-энесине өткөрөм. Ал кызды көбүнчө жайкысын эл сууга түшкөн жерлерден табам. Башка учурда Талас шаарында жаштар көп жүргөн жерден табам.

Милициянын жумушу оор. Көп мээнетти, убакытты, жада калса мээримдүүлүктү дагы талап кылат. Ата-энесинин дагы алы жетпеген өспүрүмдөр болот. Аларды туура жолго салып тарбиялап, өзүң үлгү болууга аракет кыласың. Өзүңдүн балдарыңдай эле көрүп каласың. Кичинекей балдар баарын сезет, чыныгы жакшы көргөнүңдү дагы билишет. Иш учурунда көп окуяларга күбө болдум. Жумуш ушундай кыйын же тобокели көп деп качпастан иштеп жатам», - деди ал.

Үмүт айым 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×