Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 02.08.2019 09:58

Шашылыш билдирүү: 2-августтан 9-августка чейин күн ысыйт

Turmush -  Бүгүн, 2-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тоо этектеринде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39° чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41° чейин ысышы ыктымал.

6-августтан 9-августка чейин Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жала-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40° чейин, Талас өрөөнүндө 36-38° чейин жогорулашы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×