Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуКара-Буура району 03.08.2019 10:12 На русском

2 бөлмө үйүбүздүн төрүнө өзүбүз, коридоруна уюбуз жатчу: 15 жылда миллионер болгон жубайлардын баяны. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы жубайлар Бекболот Сүеркулов менен Гүлзина Төрөкулова 15 жылдан бери токой чарбада багбанчылык кылып, ири кирешелерди таап жатышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жубайлардан кабар алды.

Жубайы: Мен Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөм. Шекер айылына 18 жашымда келин болуп келгем. Менин алысыраак акеме турмушка чыккан шекерлик жеңем бар болчу. Көрсө ал жеңем жолдошумдун бир тууган эжеси болгон экен. Ошол жеңем «жаңы кир жууган машинаны жеткиришип койчу» деген шылтоо менен Шекерге алып келген. Ал учурда сары автобус каттачу. Мен Шекерге келе жатканда жол узак болгондуктан «качан жетебиз?» деп улам жеңемден сурап, чыдамсыздык менен келгем. Ошентип зорго жеңемдин үйүнө жеткенбиз. Көрсө жеңем мени атайын алып келген экен. Ошентип келин болуп калып калдым.

Мен үйдө отурганда шалбыраган шым кийген, жүдөгөн бирөө жүргөн. Ошону көрүп, «иий, менин жолдошум ушул болобу» деп ичимден ойлонгом. Ал бир аздан кийин ошол учурда жаңы чыгып, мода болуп жаткан «Аdidas» деген спорттук кийимин кийип, кайра мен отурган жерге келген. «Адамдын көркү чүпүрөк» деп бекеринен айтылбаса керек. Ага чейин «менин күйөөм ушулбу» деп арданып жаткан жаным кийинип келсе жактырып калгам (күлүп). Жолдошум сулуусунан келген, арык чырай, бою узун келишимдүү жигит болчу. Экөөбүздүн ортобуздагы айырма 11 жаш. Жолдошум мени жашсың деп бирге баскандан уялчу (күлүп).

Ортодо көптөгөн кыйынчылыктар болду. Жолдошум экөөбүз баарын жеңдик. Кайын энем майып эле. Аны багып, бир жагынан жумуш кылып, баарына чыдадык. Келиндик учур жашоого болгон күрөш менен өттү десем болот. Ал учурда жолдошум экөөбүз жер иштеттик. Мен жаңы келин болуп келгенде Шекерде жашачубуз. Жолдошум үй-бүлөсү менен 16 жылдан бери жерине беде өстүрүшчү экен. Мен келгенден тарта чарбактагы жерди айдатып, 5 сотых жерге тамеки тигип, аны өзүм карап өстүргөм. Тамекини 2 жыл катарынан өзүм карадым. Жолдошум болсо жаз чыкканда курулуш жумуштарына кетчү. Андан кийин эл катары 2 жыл үлүш жерге төө буурчак эктик.

Жолдошум экөөбүз айылда дагы там куруп иштеп калдык. Жолдошум, дагы бир киши, анан мен болуп үчөөбүз иштечүбүз. Мен ылайды аралаштырып, кыш куйчумун. Жолдошум ташып жетишпей калчу. Мени ата-энем жаштайымдан сырттын жумуштарына үйрөткөн. Өзүм дагы сырткы жумуштарга тың болчумун. Мектепте окуп жүргөндө 1 гектар жерибизди өзүм карачумун.

Жолдошу: Мен Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында төрөлгөм. Колхоздо чабан болуп иштечүмүн. Гүлзинага эжем аркылуу үйлөнгөм. Менин мүнөзүм тартынчаак болгондуктан, жубайым бир топ жаш кичүү болгону үчүн жанымда басса уялчумун. Бирок иштермандыгына баа берем, ыраазымын.

- Токой чарбага кантип отурукташып калдыңыздар эле?

- Бизге ал учурда токой чарбанын жетекчисинен «токой чарбага бак тикпейсиңерби» деген сунуш түштү. Үй-бүлөм менен акылдашып, Гүлзина макул болуп, бул жакка 2004-жылы келдик. Келгенден кийин мамлекеттен 7 гектар жерди 49 жылга ижарага алып жашап калдык. Мен болсо токой чарбада кароолчу болуп иштечүмүн. Бул жакка көчүп келерде айылдагы тамыбызды, жерлерди сатып келгенбиз. Айыл эли таң калып, «туура эмес кылдыңар» деп, айылдан да бөлүнүп калганбыз. Эл эмгектен тааныйт деген чын экен. Азыр айыл элинин сыйлуу адамдарынанбыз (күлүп).

Биз көчүп келгенде колхоз учурундагы эски алманын дүмүрлөрү бар болчу. Таштак, кароого муктаж жер эле. Ал учурда азыркыдай техника жок. Гүлзина экөөбүз 7 гектар жерди тазалап, алма бак отургузганбыз. 6 гектарда 1850 түп алма жана 1 гектарда 226 түп өрүк бар. Гүлзина баарын өзү карайт. Мага дагы алма караганды үйрөтүп койгон (күлүп). Кээде мен сырткы жумуштардан бошогондо бала-чака менен ичин тазалап турабыз. Жубайым алмаларды өзүнүн балдарындай жакшы көрөт. Кайсы алма кайсы жерде экенин билет.

Жубайы: Бул жакка көчүп келгенге мен макул болдум. Анткени жолдошум башынан токой чарбада кароолчу болуп иштечү. Балдарымды, кайын энемди алып, баарыбыз токой чарбага апрель айында, күн суукта көчүп келгенбиз. Эң биринчи токой чарбага алма тиккендерден биз болдук. Бул жактан боз үйдүн ортосуна от жагып жашап жүрдүк. Ошондо дагы алмаларды уурдатып албайлы деп күндүн суугуна карабай көчөттөрдү карачубуз.

Андан кийин июнь айларында жолдошум экөөбүз кичинекей 2 бөлмөлүү үй куруп жашап калдык. Ал үйдү экөөлөп 1 айда салып койгонбуз. Балдар болсо жаш. Ошол учурда 1 уюбуз, 5 тоогубуз бар болчу. Тамдын төрүнө биз жатчубуз. Уйду болсо коридорубузга байлап койчубуз. Тооктор болсо уйдун үстүндө конуп алып укташчу (күлүп). Менин уйкум сак. Уй үйгө сийип салбасын деп, түндө бир жолу эшикке чыгарып келчүмүн (күлүп). Уй дагы ошого үйрөнүп калган. Сийгиси келсе өзү туруп кыймылдай баштачу. Мен болсо уйкум келип жатса да эшикке чыгарып келчүмүн. Кийин жолдошум адам жашай турган вагон алып келди. Ошого көчүп жашадык. Андан кийин эл катары тоок-үндүктөрдү багып, чай-чамекке жаратып калдык.

Биз токой чарбага жаңы келгенде алма көчөт отургузуп, бирок аны караганды билген эмеспиз. Акырындык менен үйрөнүп алдым. Жолдошум сырттагы жумуштарына кетет. Мен алмалар менен калам. 1850 түп алманы өзүм карап, бактын ичин тазалайм. Убактымдын көбү алма менен өттү. Алма көчөттүн бирин да кууратпай бактык. Бакты аралап, алмалардын ар бири менен сүйлөшөм. Кайсынысы эмне болуп ооруп калганын баарын билем. Булар мага балдарымдай болуп калды, жолдошум да таң калат. «Алмаларды караганга жумушчу алалыбы?» десе макул болбойм. Буларды балдарыма дагы ишенип тапшыра албайм, өзүм карайм. Бак караганды эми акырындык менен балдарыма, жолдошума үйрөтүп жатам.

Быйыл 16-февралдан 16-мартка чейин алмаларды бутап бүттүм. Ар биринин түбүнө кык салабыз. Булардан түшкөн кирешени кайра эле бакка жумшайбыз. 6 гектар алмадан эгер жакшы мөмө түйсө 60-70 тоннадай түшүм берет. Азыр алмалар жаш, эгер дагы жетилсе 100 тоннадан ашык түшүм берет деп жатабыз. Бирок жылда баары жакшы боло берейт. Булар да эс алышат. 1 жылы көп берсе, кийинки жылы азыраак түшүм берет. Сезон учурунда алмадан 1 млн сомго жакын киреше болот. Анын 30% мамлекетке төгүп турабыз. 1 гектар жерде 226 түп өрүгүбүз бар. Алардан 2 тоннадай түшүм алынса 50-60 миң сомдой киреше болот.

Айылдагы тамыбызды сатып, бул жакка келгенде эч нерсебиз жок болчу. Баарын жаңыдан баштадык. Айылдагылар бизге ушундай болмок беле деп күлүшкөн. Эми айылга барсаң баары салам берип калышат. Сырт жакка чыгып калсаң да тааныбагандар учурашып калышат. Көрсө көбү алмаларга келген кардарлар экен (күлүп). Азыр кудайга шүгүр, тамыбыз бар.

5 баланын энеси болом. Кудайдын буйругу экен, бир уулумдун көзү өтүп кетти. 2 кызым турмушта. Улуу баламды кийинки жылы үйлөнтөлү деп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×