Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 02.08.2019 17:00 Жаңыланды: 03.10.2019 16:57

Айыл турмушу: Кара-бууралык чебер Э.Насымбаева токуган кийимдер Казакстанга чейин сатылат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 48 жаштагы тургуну Элмира Насымбаева токуган кийимдер Казакстанга чейин сатылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча пекарь-кондитер. Бул боюнча билимди Россиянын Тюмень шаарынан алган.

«Тюменде бир топ жыл кесибим боюнча иштегем. Айылда кесибим боюнча жумуш жокко эсе болгондуктан, убагында саанчы болуп эмгектендим. Акыркы 12 жылдан бери чеберчилик менен алекмин. Тилекке каршы 6 жыл мурун жолдошум ооруп көз жумду. Ошондо мага турмушта чоң сокку болду. Өзүмдү алаксытып, апамдан үйрөнгөн чеберчиликти улап, тыйын-тыпыр табайын деп кийим токуп жүрөм. Кесибим боюнча жумуш жок болсо дагы үйдөн балдарыма ун азыктарын түрлөп жасап берип ырыхат алам. Анткени ал жумуш менин көңүлүмө жакын.

Токуу иштери кышкысын 3 эселеп күчөйт. Күн жылууда жылуу кийимдердин баркын билбей же камдап албай жүрө берет эмеспизби. Суук түшкөндө калың жана жылуулугу бар буюмдарды издеп баштайбыз. Ошондо мага буйрутмалар көп келет. Баалары айыл шартына ылайыктуу, кымбат болсо бат өтпөй калат. Мисалы, чоң байпакты 250 сомдон сатып алышат. Сонун эмгектер жаралат, бирок көздүн майын дагы алат. Кандай болбосун токууга мажбурмун. 1 күндө 2-3 буюм бүтүрүп коём. Жиптерин өзүмдүн табитиме жаккандай кылып сатып алып келем. Анткени канча жылдан бери токуп жүрүп, кайсы өң менен байпак же күрмө токусам деп элдин талабын эске алып билип калгам. Төшөктөрдү да жасап, септерди даярдайм. Казакстанда 5 жылча жашап, сеп даярдап иштегем. Азыр дагы эмгектерим ошол жакка сатылып турат. Төшөк жасаганым 300 сом болот. Мында мээнет чоң, колум тешилип, ириңдегенге чейин барат. Айла жок каражат табам.

Мен башында апамдан узун ийне менен токуганды үйрөнгөм. Ошого көнүп алган экенмин. Азыр дагы узун ийне менен кооздоп токуйм. Токуунун 15тен ашык түрүн билем, бирок көбүнүн аталыштарын билбейм. Кээде отуруп оюмдан чыгарып токуп, кийим жаратып коём. Менин эмгектериме кызыккандар көп болот. Көптөр кийимдин даярын сатып алышат. Бирок ал чоюлат, түлөйт, 1-2 жууганда өңү өчөт. Мактаныч эмес, бирок байпактарым жок эле дегенде 2-3 жылга кийилет. Кардарларым чыдамдуу деп айтышат. Жаш өткөн сайын ушундай жумуш менен алектенет экенбиз.

Жаштарга «ушундай иштерден үйрөнүп алгыла» деп айтсам «убакыт жок» деп качышат. Өзгөчө айымдар көп нерсеге эптүү болуп, кол өнөрчүлүктү билип алганы жашоодогу жеңилдик деп эсептейм. Өзүбүз цех ачканга каражат жетпейт. Бирок айылдан тигүү цехи ачылса буйрутма алып, арзан иштеп берет элек», - деди ал.

Элмира айым 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×