Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 05.08.2019 14:11 На русском

Таласта майып адамдан пара алууга шектелген 2 дарыгер кармалды. Видео

Turmush -  1-август күнү Талас райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын 2 дарыгери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, алар пара алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалды. Дарыгерлер жабырлануучу адамга майыптыгын тастыктаган тактаманын мөөнөтүн узартып берүү үчүн 3 миң сом алышкан. Учурда 2 дарыгер камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тастыктады. Түзүмдүн кызматкерлерине 30-июлда Т.М. аттуу адам кайрылып, жөлөк пул алууга керек болгон майыптык жөнүндөгү тактаманы берүү үчүн эксперттик комиссиянын жетекчиси менен дарыгери андан акча талап кылып жатышкандыгын билдирген. 31-июлда түзүмдүн кызматкерлеринин тиешелүү иш-чараларынын негизинде эксперттик комиссиянын имаратында пара алып жаткан жеринен комиссиянын жетекчиси И.С. менен дарыгер Ж.Т. кармалды. Алар жашыруун «взятка» деген жазуусу бар акчаларды кайтарып беришти.

Аталган дарыгерлер буга чейин да кызмат абалынан пайдаланып, тактама алуу үчүн кайрылган адамдардан акча талап кылып жүрүшкөндүгү белгилүү болду. Кармалгандар 1-август күнү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×