Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуМанас району 05.08.2019 20:09

Таласта токко урунган электрик менен башкы инженердин чыры. Чогулгандар тарап кетишти

Turmush -  Талас облусундагы Манас районунун жетекчилиги бүгүн, 5-августта райондук электр тармактар ишканасынын имаратында нааразычылык билдирип чогулган жашоочулардын талабын угушту. Окуяга жеринде Turmush басылмасынын кабарчысы да күбө болгон.

Акция протеста в Манасском районе // <span style='color:#965f85; font-weight: bold;'>Turmush</span>
1-август күнү Манас райондук электр тармактар ишканасындагы электрик — 34 жаштагы Кайрат Салимбаев иш учурунда токко урунган. Бүгүн анын нааразычылык билдирип чогулган тарапташтары менен Манас районунун акими Б.Дүйшөбаев, Манас районунун прокурору Ж.Заиров, райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Р.Осмонбеков, УКМКнын райондогу кызматкерлери жана РИИБдин өкүлдөрү жолугушту. Анда РЭТтеги башкы инженердин дарегине айтылган нааразычылыкты угушуп, маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларды жергиликтүү жетекчилик тынчтыкка чакырып, аягында тиешелүү кайрылууга чогулгандар кол коюшкан. Аны райондун прокурору Ж.Заировго тапшырып, андан кийин тарап кетишти.

Электрик ооруканага түшкөндөн кийин райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженерине иш козголуп, тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу ээлеген кызматынан четтетилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа бериле турганы күтүлүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 1-августта Манас райондук электр тармактар ишканасында электрик болуп иштеген 34 жаштагы Кайрат Салимбаев иш учурунда токко урунуп, Манас райондук биргелешкен ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган.

Анын апасы Айнагүл Курманалиева уулунун мындай кырсыкка кабылышына баласынын жетекчиси күнөөлүү экендигин билдирген. Себеби ал баласын электр мамысына «ток жок» деп жатып чыгарган.

«Уулум Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн Жайылган айылында туулган. 6 жылдан бери ушул райондо электрик (монтер) болуп иштейт. 1-август күнү эртең менен саат 7:30да уулум үйдөн жумушка кеткен. Саат 9:00 чамасында эле өзү менен иштеген балдар келиниме «Кайрат токко урунуп ооруканада, кийимин алып келгиле» деп телефон чалышты. Биз ооруканага барсак жандандыруу бөлүмүндө экен. Акыбалы өтө оор, колдору өзүнөн-өзү секирип, токтото албай жатышыптыр. Ал жерде электр мамыга «зымда ток жок» деп башкы инженер К.З. чыгарган экен. «Чык эле чык» деп башкы инженери жаман сөздөр менен сөгүп, өзү чыгарган видеосу бар. Ал жерде «ток жок» деп кол коюлган кагазы болгон. Балам токко урунган кезде 300 метр ары жакта иштеп жаткан балдар келип, карагайдын башынан түшүрүшүптүр. Башкы инженери болсо жанына барып койбоптур. Ошол жерде жашаган киши унаасы менен ооруканага алып кеткен экен.

Башкы инженер менен баламдын ортосундагы чатак 1 жылдан бери уланып келе жатат. Былтыр ушул кезде ал киши диспетчердик бөлүмдө отурганда Кайрат кагазга кол койдурам деп кирсе, «барчы эй ала чапан» деп жана башка ушундай сөздөрдү айтыптыр. Балам «оозуңузга караңыз» деп көтөрүп чапкан экен. Ошондон тарта ызы-чуу болду. Биз атасы экөөбүз кеңешип, тынч иштей берсин деп уулубузга айтпай эле ал кишинин үйүнө кечирим сурап барганбыз. Кечирет деп барганыбызда тескерисинче бизге «менин колум узун, балаңдын түбүнө жетем» деп кетирген. Кечээ да оорукананын алдында турсак кесиптештери ушул күнгө чейин Кайратка «сенин ата-энең мага жалдырап келген деп айтат» деп айтышты.

Учурда уулубуз эс-учуна келип, бетиндеги шишиги бир аз тарап калды. Бирок колу бир калыпта болбой, дене-башы ооруп жатканын айтууда. Кайраттын жубайы жана уулу бар», - деген апасы.

Токко урунган кезде жанында болгон кесиптештери инженер ооруканага да барбаганын айтышкан.

«Биз иштеп баштаганда 300 метр өйдө жакта биздин башка топ иштеп жатыптыр. Биздин арабыздагы бир бала «ал жерде ток бар» деп айтып калды. Биз ток бар экенин кабарлайлы деп чуркап бардык. Биз чуркап барсак кеч болуп калып, Кайрат Салимбаев токко урунуптур. Карагайдын үстүнө чыгып, жерге түшүрдүк. Башкы инженерибиз К.З. жаныбызга келген да жок. Ооруканага да келген жок. «Бул трансформатордон өчүргүлө» деген эскертүү болгон эмес. Бул кесиптешибиз техникалык коопсуздукту жакшы билгени үчүн гана аман калды», - дешкен алар.

Талас облустук «Түндүк электр» ишканасынын жетекчиси Акылбек Рыспеков учурда атайын комиссия түзүлүп, окуяны иликтеп жаткандыгын белгилеген.

«Бул кырсык боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Атайын комиссия түзүлгөн. Алардын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде гана толук маалымат беребиз. Башкы инженер К.З. учурда убактылуу иштен четтетилди», - деген ал.

Инженер К.З.нын өзүнөн бул маселе боюнча пикирин угууга мүмкүн болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×