Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу, Талас 06.08.2019 13:50 На русском

Таласта газ баллон жана бензин саткан үйдө өрт чыкты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 6-августта Талас шаарынын Ч.Сатаев атындагы көчөдө газ баллон жана бензин саткан үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, өрт саат 13:00дө чыккан. Үй ичинде 70тен ашык газ баллон болгон. Өрт өчүрүү иштери аткарылып, баллондор сыртка ташылып жатат. Кырсыктын келип чыгуу себеби белгисиз.

Кийинчерээк окурмандар төмөнкү сүрөттөр менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×