Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуКара-Буура району 07.08.2019 16:20 На русском

Кара-Буурада жаш дарыгерлер үчүн жатакана ачылды

Turmush -  Кара-Буура райондук ооруканасында жаш дарыгерлер жана ординатурасын өтөп жаткан адистер үчүн жатакана ачылды. Бул тууралуу Кара-Буура райондук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Улан Байгелдиев билдирди.

Анын айтымында, жатакананын имараты мурун ашкана катары колдонулган. Толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал үчүн демөөрчүлөр тарабынан 1 млн 300 миң сом жана Талас облусун өнүктүрүү фонду тарабынан 250 миң сом бөлүнгөн. Жатакананын ичине жергиликтүү ишкерлер, эл демөөрчүлүк кылып, 150 миң сомго керектүү жабдыктарды алып беришти. Бүгүнкү күндө бул жерде 5 жаш дарыгер жайгашты. Алардын ичинде үй-бүлөлүүсү дагы бар.

«Азыр буйруса жаш 5 дарыгерибиз жашайт. Бирөөсү үй-бүлөлүү, Жайыл районунан келген. Кара-Балта шаарынан, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан дагы дарыгерлер келген. Оштон келген жаш кызыбыз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×