Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 08.08.2019 09:35

Бир үй-бүлөнү атып өлтүргөн дос: 2 жылга жакын иликтенген кылмыштын чоо-жайы

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  41 жаштагы Равиль Алыкулов 2016-жылдан бери Талас РИИБдин жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы подполковник менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, милиция кызматкери болгонуна өкүнбөйт.

«1995-жылы Кыргыз эл аралык университетинин экономика финансы бөлүмүнө барып, 1999-жылы аяктагам. Окууну аяктаган соң Ысык-Көл облусунда каржы полициясында 2,5 жыл иштегем. 2003-жылдан баштап Чүй ОИИБде паспорттук столдо иштеп баштап, ал жактан кылмыш иликтөө бөлүмүнө которулдум. 2008-жылы Бишкек ШИИБде кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам өкүл болуп иштедим. Андан соң ИИМдин башкы кылмыш иликтөө бөлүмүндө 2016-жылга чейин иштедим. 2016-жылдан бери Талас РИИБде иштеп жатам. Шаар менен айылда иш алып баруунун айырмасы бир топ. Шаарда транспорт көп, кылмышкерге байланышкан иштерди аз убакта аткарып коесуң. Таластын аймагы чоң, чукул кырдаалда жетишиң эле бир топ убакытты алат.

Бул жумушту тандап келгениме өкүнбөйм. Иште көп нерселерге туш болдум. Шаарда иштеп жүргөндө бир кылмыш боюнча 2012-жылы Москвага барып калдык. Көчөдө эле бара жатсам алдымдан 3 бала чыкты. Кыргыз балдар эле мени жаман көздөрү карап келе жатышат. Көрсө алардын экөөсүн бир нече жыл мурун каракчылык менен кармаптырмын. Көз караштары жакшы эмес болчу, корктум. Бирок ошол жерден коркконумду көрсөтсөм соо кетиришпейт эле. Учурашып, сүйлөшүп «жакшы жүргүлө» деп айтып кырдаалдан чыккам. Иште ысык-суукта калып, ачка-ток, кир болуп жүргөн күндөр көп болду. Бирок жыйынтык болсо аларды бат эле унутуп коесуң.

Бир кылмыштын үстүнөн 1 жыл 8 ай иштегем. Бүтүндөй бир үй-бүлөнү (4 адамды) атып кетишкен. Барганда жүрөк чыдагыс көрүнүш болчу. Биз бардык жактан кылмыш белгилерди таап, иш алып бардык. Бирок иш алдыга жылбай, 1 жылдан ашык убакыт кетти. Ошол иш боюнча Россия, Казакстанга чыгып келгем. Акыры кайра башынан баштап иликтедик. Көрсө окуя акча үчүн болуп, үй-бүлөнүн өзүнүн эле досу акча талаштан улам өлтүрүп кетиптир. Ал адам кармалып, өмүр бою соттолду.

Ал эми Таласта эң эле көп катталган кылмыштар — мал уурулук жана алдамчылык фактылары. Көбүнчө жумуш орду менен камсыз кылам деп элден акча алган алдамчылык фактылар бар. Жыл башынан бери 60ка жакын алдамчылык фактысы катталып, бети ачылды», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Үй-бүлөм балдарымдын окуусуна байланыштуу Бишкек шаарында жашашат. Эс алууда Таласка келип турушат. Мен бошогон учурларда барам. Балдарым «сагындык, качан которулуп келесиз?» деп телефон чалган учурлар болот. 3 жыл жалгыз жашап, үй-бүлөнүн баркын билет экенсиң. Жубайым экөөбүз 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Улуу кызыбыз студент», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×