Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 09.08.2019 16:00 На русском

Жубайлар: Кенжебек ата менен Жакил апа катуу ооруну жеңип, 5 баласын жогорку билимдүү кылышкан (сүрөт)

Turmush -  Талас районундагы Кырк-Казык айылынын тургундары жубайлар 87 жаштагы Изабаев Кенжебек ата менен 79 жаштагы Изабаева Жакил апа экөө 63 жылдан бери чогуу жашап, катуу ооруну жеңип, 5 баласын жогорку билимдүү адис кылышкан. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

Кенжебек ата: Биздин кичинекей кезибиз оор мезгилге туш келди. 11 жашымда апамдан ажырап калдым. Ошол курактан тарта эле иштеп баштагам. Араба айдап, чөп чаап, бардык жумуштарды жасадым. Ал учурда айылда күч жок, 11-12 жаштагы балдар талаа жумуштарын кылып калдык. Мектепти дагы 4-класска чейин гана окуп калдым. 1955-жылы үйлөндүм. Жубайым Ак-Жардын кызы. Досторум аркылуу таап, эртеси эле жеңелери менен сүйлөшүп койгом. Түндө барып, кайын энемдин койнунда жаткан жеринен жубайымды алып келгенбиз. Өзүнүн макулдугун алгам.

1957-жылы жубайымды жаныма алып, Нарындын Кара-Кечесинде шахтер болуп иштеп баштагам. 1 жыл иштеген соң биз иштеген шахта жабылып калып, Миң-Куштагы шахтага жумушка кирдим. Ал жерде 1969-жылга чейин иштедим. Ал жактан 4 балабыз төрөлүп келген. Ал жакта жумушту улантам десем жубайым «Таласка кетебиз» деп ыйлап туруп алган эле. Шахтада иштеп жүргөндө өзүбүздүн Кырк-Казык айылына үй тургузуп койгом. 10 жылдык мээнетибиз жанып, үйлүү болуп келгенбиз. Ал үйүбүз 1992-жылы катуу жер титирөөгө чыдабай, жаракка кетти. Кайра жаңы үй тургузганбыз.

Бул жакта 1970-жылдары жол куруучу болуп эмгектендим. Андан кийин 1972-жылы, катуу оору менен алышып, жумушка жарабай калдым. Боорумдан сарык оорусу деп оруканага түшүп калдым. Ал жакта 45 күн жаттым. Эч бир жылыш болгон жок. Акырында дарыгердин столунда кагазды көрүп калдым. Ал жерде менин диагнозум кара сарык (боор циррозу) деп турат. Ушундай ыйлагым келип, ушинтип эле сакайбай каламбы деп ызаланып, ооруканадан ошол күнү үйгө кетип калгам. Мени дарылап жаткан дарыгер «дагы 1 жума жатып тур» деп үйгө чейин аркамдан келиптир. Мен барбайм деп үйдө жатып алдым. Жакын туугандарым акыбалы оор деп үйгө көргөнү келип жатышты. Ичимден андан бетер ыза болом. 2 күндөн кийин агамдын баласы үйлөнүптүр. «Келиндин төркүнүнө барабыз, биз менен барып кел» деп келишиптир. Мен барбайм дегениме карабай «үйдө отурсаң күчөп кетет» деп алып кетишти.

Талас районунун Каракол деген айылына кудага бардык. Мен муңайып отурган элем. Ошол коноктордун арасында бир киши менин акыбалымды сурап калды. Акыры сөз уланып мен өзүм жөнүндө айтып бердим. Ал киши угуп, тамагын ичип бүттү да, «эртең эрте тур» деп кетти. Эртеси эрте туруп, бети-башымды жууп отурдум. Ал киши келип, тамырымды кармап көрдү да башын чайкап жатты. Мен ичимден өлөт деген ушул экен да деп отурдум. «Балам, сенин бооруңдун эти кабыргаңа жармашып калган. Бооруң жарабай бара жатыптыр» деди. Колумду өйдө көтөртсө кабыргаларымдын ичи ачышып жатты. «Сен бир гана нерседен айыгасың, аны ичпесең айта албайм» деди. Ал кезде 37 жаштамын, кырчындай чагым. Эч бир жаман нерсе ойго келбеген учур. «Бозунач (бессмертник) деген чөп бар, ошону ич. Кымызга, сүрсүгөн этке, койдун этине жолобо» деди.

Кудадан келген соң улуу акем Жамбылга барып, 1 чоң банка бозунач алып келиптир. Мен ал чөптү 1 жыл токтотпой ичтим. Айтканындай тамакты кылдат тандап жедим. Тооктун этинен гана кээде шорпо ичип, ачытылган нан жебей жаттым. 1 жылдан кийин колумду көтөргөндө кабыргаларым ачышпай калды. Кадыресе жеңилдей түштүм. 1,5 жыл өттү, баягы чөптү дагы деле токтотпой ичип жүрдүм. Жазга маал байбичем жалбыз деген чөптү майдалап, сүзмөгө аралаштырып,үстүмө 2-3 ирет жапты. Денемден кадимкидей буу чыгып жатты. Баягы чөптү 3 жыл токтотпой ичип, 4 жыл дегенде кадимки тамакка өтө баштадым. Жубайым элдик дарылоо ыкмаларын колдонуп, баарын кылып, ооруну жеңип чыктык. Кийин тактама алганы айыл өкмөткө барсам ал жердегилер «жакшынакай эле жүрөсүң го» деп таң калган. Көрсө баары мени оорусу катуу, соо калбайт деп ойлоп жүрүшчү экен. Кийин баягы дарыгер сакайганымды угуп, мени чакырткан экен. Толук кайрадан текшерүүдөн өткөндө баягы оорунун тагы да жок калганын көрүп таң калган. Жараткандын кудурети ушундай күчтүү болот экен. Аман кылам десе эбепке себеп болуп, аман калат экенсиң.

Жакил апа: Жолдошум менен сүйлөшүп, макулдугумду берип эле турмушка чыккам. Тээ Ак-Жардан бери ат араба менен түндөп алып келген. Жолдошумдун ишине байланыштуу көп жыл башка аймактарда жашадык. Шахтада иштегенде 6 саат жер астында иштеген абышкама күчтүү тамак берип, көңүлүн карадым. Жакшы менен, жаман менен дагы кошуна болдук. Өз алдынча бүлө болуп, көп нерсени үйрөндүм. Абышкам мени жакшы бакты. Бөпөлөп көзүмдү карап бакканы үчүн тең карып жатабыз. Катуу ооруп калганда колумдан келгенин жасап жанында болдум.

3 уул, 4 кыз, 30 небере, 28 чөбөрөбүз бар. Уул-кыздарыбызды ордуна узатып, 5 балабызды жогорку билимдүү кылдык. Азыр эми уулдун урматын, кыздын кызматын көрүп жаткан кезибиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×