Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуКара-Буура району 09.08.2019 16:49 На русском

Ө.Бабановдун тарапташтары Таластан Бишкекке жолго чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 9-августта Кара-Буура районунан 150дөй адам Бишкек шаарына саясатчы Өмүрбек Бабановду тосуп алганы кетишти. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады.

Бул маалыматты өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев тастыктады.

Кара-Буура районунун Шекер, Ак-Жар, Чолпонбай айылдарынан 150 чакты адам Бишкек шаарына кетишти. Алар Ө.Бабановдун тарапташтары жана туугандары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×