Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 12.08.2019 10:20 На русском

«Идиш сына берсин, мен бала төрөп берип жатпаймынбы»: 38 жаштагы Жылдызкан айым 5 уул, 2 кыздын апасы. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 38 жаштагы тургуну Жылдызкан Бейшекеева 5 уул, 2 кыздын апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Ак-Жар айылынын кызы. Жолдошунун ысымы Жылдызбек. Экөө эжесинин тоюнда таанышып калышкан.

«Ушул айылда бир тууган эжем бар. Алар той өткөрүшкөндө тойго келгем. Мурун чатыр тигип той берчү эле. Кыздар бар экен деп айылдагы бир топ балдар чатырдын тешигинен аңдышыптыр. Жолдошум мени көрүп жактырып калган экен. 1 жумадан кийин мени келин кылып алып келишкен. Жолдошум менен көп жактан окшошпуз. Мүнөзүбүз, аттарыбыз окшош. Ысымдарыбыздын аягындагы -бек жана -кан деген мүчөлөрү гана болбосо көпчүлүк экөөбүздү тең Жылдыз деп эле айтышат. Жолдошум түшүнүктүү, адамгерчилиги бийик, балдарга камкор адам. Балдарды карап жардамдашып калган күндөрү болду. Жүрөгүм жылып, ыраазы болуп калчумун (күлүп). 3 аяш келиндин аттары дагы Жылдыз. Бир жолдош балабыз «биз жалаң Жылдыз аттуу кыздарды келинчек кылып алабыз, үйлөнө элегиңер Жылдыз аттууну караштыргыла» деп күлүп калчу.

Менин апам дагы «Баатыр эне» наамын алган. Бул наамды мен төрөлгөндө алган экен. «Жылдыз кызым төрөлгөндө «Баатыр эне» орденине ээ болуп, ресторанга чакырылгам. Ошондо биринчи жолу ресторанга киргем» деп көп айтчу. Мен 11 бир туугандын онунчусумун. Башкача айтканда, кыздардын кичүүсүмүн. Жылдызбек дагы 10 бир туугандын кичүүсү. Жолдошум төрөлгөндөн кийин кайын энем дагы «Баатыр эне» сыйлыгын алган экен. «Апаларыбызды сыйлыктуу кылып, өзүбүз дагы сыйлыктуу болуп отурабыз» деп калам (күлүп).

Мен кыздардын кичүүсү болуп үйдөн эч нерсе жасачу эмесмин. Келин болуп келгенден кийин нан бышырсам эле күйүп калчу. Күйгөн нандарды апам (кайын энеси) көрүп калса уят деп жүн салынган каптардын арасына бекитип койчумун. Кийин иттин тамагын берүүгө барсам, баягы күйгөн нандарым иттин табагына батпай калыптыр. Ошондо уялганымдан кечирим сурап, нанды апам менен чогуу жасап үйрөндүм.

Бир күнү идиштерди жууп келип текчеге койгом. Текчедеги тактайча кыйшайып кетип, идиштер сынып калды. Коркконумдан эч ким эч нерсе деп айта электе «Идиш сынса сынсын, биз сынбайлы. Мен сизге бала төрөп берип жатпаймынбы» десем баары унчукпай калды. Мен бөлмөгө кирип кеттим, бир маалда катуу күлкү жаңырды (күлүп). Ушуга окшогон учурлар тажрыйба жоктугунан боло берет экен. Баарын жасап көрүп калганда үйрөнүп, бышып калат экенсиң», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жолдошу дыйканчылык менен алектене турганын кошумчалады.

«Көп балалуу болуунун бактысы менен катар түйшүгүн дагы көтөрдүм. Балдарыбыз жаш болуп, бири басылса, экинчиси чырылдап ыйлачу. «Мунун баары убактылуу, буйруса ушул балдар бизди багат» деп ачууга алдырбай, өзүмдү сооротор элем. Башында батирде жашап, үйүбүз, жерибиз дагы жок болчу. Жолдошум дыйканчылык менен терин агыза эмгек кылып, мен тырбалаңдап айылдан алма алып, аны шаарга алып барып өткөрүп, бала менен жол азабын тартып жүрдүк. Эмгегибиз кайтып, балдарыбыздын насибине тамдуу дагы, жердүү дагы болуп калдык.

Өзүм 38 жаштамын, улуу балам 20 жашта. «Баатыр эне» наамын алам деп кыялданган эмесмин. 5 баладан кийин төрөбөйм деп ойлогом. Жолдошум футбол ойноп, облустук мелдештерге чыгып жүрөт. Бешинчи балам төрөлгөндө «футбол ойноого бир команда болдук» деп жаш балача кубанган.

Кайын энемди жакшы карап бактым. Ал киши батасын көп берчү. «Балдардын артынан кыз төрөп ал, дагы төрөйсүң» дечү. Мен «апа, бул балдарга ден соолук берсин, бул жагын багып алайынчы» деп койчумун. Кайын энем дагы жөнөкөй киши болгон эмес, көрөгөч апа болгон. Ошентип 5 баламдан кийин 2 кыз төрөлүп, мени баатыр эне кылышты (күлүп). Алтынчы, жетинчилери кыз болуп, менин жардамчыларым деп аябай сүйүндүм. Бешинчи балам алтынчы кызым төрөлгөндө аябай сүйүндү. «Эмнеге сүйүнүп жатасың?» десек, «Кыз болуп күйөөгө тийип кетет. Бул үйдө мен калат экенмин» деп күлдүргөн. Эмитеден үйдү ээлеп отурат. Андан кийинкиси дагы кыз болгондо «бул үйдө анык мен калат экенмин» деп дагы сүйүндү (күлүп).

Кудайдын мунусуна дагы шүгүр дейм. Бир эже «Көп балалуу болгон жакшы экен. Ал бала кандай чыгат кудай билет. Көп баланын арасынан жок дегенде бирөөсү ата-энеге кайрымдуу болот» деген. 3-4 жыл мурун айылдан бир эже «Эмнеге мынча баланы төрөдүң? Ким диплом, грамота берди?» дейт. Балдарым иштеп калышты, кудай балдарымдын жамандыгын көрсөтпөсүн. Балдарымдын дени сак, өзүнө тың болуп иштеп турушу мага диплом, грамота деп калам. Балдар бирөөгө эмес, бизге керек дейм. Апам мага төрөбө деп айткандарга «Балага тойгон немелер го, көп балалуу болгон жакшы. Ошолор жашоонун маңызы» дечү. Биз 4 балалуу болгондо кайтыш болуп кетти. Азыр көзү тирүү болгондо баарын көрүп кубанмак. Тырышып жашап, эл катарында жүргөнүбүзгө күбө болмок», - деди ал.

Жылдызкан айымдын уул-кыздары:

- Нажимудинов Эрлан 1999-жылы төрөлгөн;

- Нажимудинов Эржан 2002-жылы төрөлгөн;

- Нажимудинов Арлен менен Арген 2004-жылы төрөлүшкөн (эгиздер);

- Нажимудинов Адбурахим 2014-жылы төрөлгөн;

- Нажимудинова Камила 2016-жылы төрөлгөн;

- Нажимудинова Малика 2018-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
25.07.2019«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×