Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуТалас району 12.08.2019 11:12

Эл ичи — өнөр кенчи: Айылдык акын Н.Сулайманова кайгысын ыр жазуу менен жеңген (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 41 жаштагы тургуну Нурила Сулайманова окуучу кезинен эле ыр жазат. Аймактык кабарчы элеттик акын айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тиричиликке алаксып, кээде айрым ыр саптары жазылбай да калат.

«Ырларым союз убагында көптөгөн гезиттерге чыгып турчу. Ар кыл тематикада жазып жүрдүм. Гезитке чыкса андан бетер ыр жазууга бел байлап, күчтөнүп калчумун. Апам жамактап сүйлөгөн сөзмөр аял болчу. Мен бала болуп анча-мынча катачылык кылып койсом, аны сөзү менен айтып койчу. Мен экинчи жолу кайталабаска аракет кылчумун. Себеби сөзү кулагыма жаңырып калчу. Ошондон таасирленип 15 жашымдан бери жазып келем. Жашымда жазгандарым жалаң гана жакшы элес калтырган ырлар эле. Себеби ошол куракта ата-эне менен бирге болуп, жыргалчылыкты гана көргөнбүз. Ошондогу жакшы көз ирмемдер баяндалчу.

24 жашымда турмуш курдум. Ал кезде ырларды сүйүү, ата-эне жөнүндө жазгам. Ыйман, ата-эне, жаратылышты сүрөттөп ыр жазуунун түйшүгүн тартып жүрөм. Алыкулдун, Турар Кожомбердиевдин ырларына, Чыңгыз атабыздын чыгармаларына кайрылуудан такыр тажабайм. Кээ бирөөлөр көп адамдардын курчоосунда баарлашып отуруп эс алышат. Кээ бирөөлөр кызыккан нерсесин аткарып ырахат алышат. Мен китеп, гезит, ыр окуп убакыт өткөрөм. Кичинемден комуз күүсүн кастарлап, кээде колго алып черте калам. Бирок обон жаратпайм.

Жашоомдо жакын адамдан ажырап, кайгылуу ырларды жазып өзүмдү алаксыткан учурларым эсимден кетпейт. Ыр жазуу менен өзүмө чоң жардам бергем. Ыр жазбай эле коёюн десем дагы болбой эле оюма топтолуп, сөз уйкашып келе берет. Тиричилик менен алышып жүрүп бирин жазсам, бири жазылбай калган учурлар дагы жок эмес. Өзгөчө кечкисин жалгыз отуруп жазганды жакшы көрөм. Ыр жазсам жан дүйнөм жеңилдеп калат. Жашоо болгондон кийин көйгөй дагы ээрчип жүрөт экен. Сүйүнгөндө, күйүнгөндө ыр кылып жазып, бугумду чыгарып алам (күлүп). Улуу балам дагы ыр жазат. Мектептен мугалимдери «ыр жазат, жардамдашыңыз» дешет. Бирок акындыкка моюн сунгусу келбейт.

200дөн ашуун ырларды жаздым. Ырларымды китеп кылып чыгаруу максат эмес. Таасири 10 чакты адамга болсо тийсе сүйүнөм. Поэзия кечелерине катышып турчумун. Азыр көп катышпай калдым. Акыркы ырларымдын саптарын турмуштун азабы, сүйүү толуктайт. Жаш кезде «сүйүү жөнүндө ыр жазып бер» деп көптөр буйрутма беришчү. Жаштардын арасынан «сиздин ырыңызды окуп, турмуштук түгөйүмдү таптым» деп рахмат айтып келгендер болгон. Каалоо-тилек катары 50-60 жылдык мааракелерге, туулган күндөргө ыр жаздырып кетишет.

Жашымда акындык менен журналисттик кесипти айкалыштыра ала кетсем деген кыялым чоң болчу. Апамдын көзү өтүп кеткенден кийин атам билим алууга макул болгон эмес. Кийин айыл чарба техникумун бүттүм. Менден кийинки бир туугандарым кичинекей болуп калышты. Бирок мектептен абдан жакшы окугам. Өзүм кыялымдагы кесипке ээ болбой калдым, эми балдарым окуп билим алсын деп аракет кылабыз», - деди ал.

Нурила айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×