Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусу, Талас 12.08.2019 13:31

Айыл турмушу: 20 жаштагы ашпозчу Бакбилет Таластагы ресторанда иштеп, 20 миң сомго чейин таап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Нурдин уулу Бакбилет ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ашпозчулук боюнча №90 кесиптик лицейде билим алган.

«Учурда Таласта ресторандардын биринде ашпозчу болуп эмгектенем. Жумушум өзүмө жагат. Тамактын 10дон ашык түрүн бышырганды билем. Кээде ресторанда өзүмдүн фантазиям менен тамактарды жасап калам. Бирок аларды азырынча ачыкка чыгара элекмин. Ашпозчу болом деп кыялданган эмесмин. Бала кезимде банкир же ишкер адам болом дечүмүн. Тилекке каршы банкир боло албай калдым. Бирок ишкерликти алып кетсемби деп жатам. Ишкерликти ашпозчулук менен ишке ашырам.

Ашпозчулук кесиптен сезон учурунда 20 миң сомдой киреше табам. Келечекте белгилүү ашпозчулардан болгум келет. Таласта чоң ресторан ачсамбы деген да пландарым бар», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле ысымын уккандар сөзсүз кайталап сурашарын айтты.

«Менин атымды атам багын билген бала болсун деп ырымдап койгон экен. Өзүмдүн атымдын өзгөчөлүгү жагат. Ысымым көпчүлүк учурда мага жардам берет десем жаңылбайм. Атымды биринчи уккандар «кандай дейсиң, түшүнбөй калдым?» деп сурап калат. Бакбилет деп айтуу кыйын болгонуна байланыштуу үйдөгүлөр Бакуля деп айтышат. Досторум же жумуштагылар Баха, Бакы деп кайрылат (күлүп)», - деди ал.

Ашпозчу жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×