Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуТалас району 12.08.2019 16:18 На русском

Сырдуу коноктор кеткенден кийинки өлүм: Айсалкын апа 17 бала төрөп, 10 баласын жерге берген (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылында жашаган 80 жаштагы Жусупбеков Эсенжол ата менен 77 жаштагы Абдышова Айсалкын апа 55 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Эсенжол ата: Менин балалык чагым согуш мезгилине туш келди. Өзүм таякелеримдин колунда чоңойдум. Атам Жусупбек согушка кеткен бойдон дайынсыз болуп, апам агамды, мени, карындашымды ээрчитип алып, төркүнүнө барып баш калкалаган экен. Кийин агам экөөбүз чоңоюп, өз ата конушубузду таап, бул жакка көчүп келгенбиз. Колхоздун коюн багып буттан турдук. Кийин апам ар бирибизди үйлөнтүп, өз туурубузга кондурганча шашты.

Бир күнү айылдагы теңтуш бала мага «Таякемдин кызы бар, быйыл мектепти бүтүп жатат. Таанышып көр, колунан бардык иш келет. Аял кишиге таандык жумушту жасап көнгөн кыз» деп мактап калды. Анын айтуусунан улам көрсө көрөйүн деп ойлонуп калдым. Ал кийин мени чакырып, «таякемдин кызы үйгө келген, тааныштырып коёюн» деди. Мен дароо эле макул болуп, үстү-башымды алмаштыра салып жөнөп калдык. Барсак ал кыз мен ойлогон кыздан дагы жакшы экен. Эмнегедир бир көргөндө эле менин жүрөгүмө жакын сезилди. Ошол жерден таанышып калдым. Кийин дагы жолугуп, мамилебиз жакшы болуп кетти. Ошентип Айсалкын мектепти аяктары менен эле баш коштук.

Биз үйлөнгөн жылы агам менен жеңем тоодо мал менен болчу. Алар тоодон келип, биз чабан болуп кеттик. Чабан кандай кыйынчылыктарды көрөрүн баарыңар эле билсеңер керек. Жубайым «бул жерге жашабайм, кыйналып кеттим» деп кайсы күнү ыйлайт болду экен деп ойлодум эле. Бирок Айсалкын бардык нерсени бат эле өздөштүрүп кетти. Бул жагы мени эле эмес, апамды дагы кубантты. Ал учурда колхоздун малын көздүн карегиндей карап төлдөн чыгарчубуз. Анда дагы Айсалкын жанымда бутума бут, колума кол болуп жардам берди. Ошол жылы көп колхоздун ичинен алдыңкы чабан болуп, 100 койдон 130 баш козу алгам. Ушундай эмгектеримдин артында «Ленин туусу» сыйлыгын, белекке сыналгы алып аябай кубанганбыз. Кийин дагы бул сыяктуу сыйлыктарды көп алып жүрдүм.

Айсалкын апа: Мен өзүм Талас районунун Кара-Суу айылында төрөлгөм. Апам 20 бала төрөгөн эне болгон. Бирок балдары бат эле чарчап кала берип, 3 эже-сиңдини элдин көзүнө көп көргөзбөй чоңойткон экен. Апам баскан турган жеринен эле «менин көргөнүмдү кыздарым көрбөсө экен» деп калчу. Биз ал убакта эмнени айтып жатканын деле анчейин түшүнгөн эмес экенбиз.

Жолдошум экөөбүз 17 наристе көрдүк. Апамдын тагдыры кайра мага кайталандыбы билбейм, 10 балабыз азыр жердин алдында. Баланын азабын ата-эне көрбөсүн. «Ата-эне баланы күрөктөп көмбөсүн» деп бекер айтылган эмес экен. Ал учурда жол-белден токтоп, кымыз сурап кеткен жолоочулар көп болчу.

Бир күнү улуу балдарымды айылга жиберип, катар төрөлгөн кичинекей 2 уулум менен каймак тартып жаткам. Жолдошум койлорду жайып тоонун боорунда жүргөн. Бир унаадан 4 эркек киши түшүп келип, кошуна жеңеден кымыз сурады. Эмнегедир ал жеңебиздин кабагы бүркөлүп, оңдуу дагы жооп берген жок. Ошону менен эле ал кишилер кетпей, көк чөптүн үстүндө отура беришти. Кеч күүгүм болуп калганда жолдошум келип, «босогодо турган конокту үйгө өт дебестен эмне кылып жатасың?» деп мага ачуулана карады. Эмнегедир жүрөгүм опколжуп аларды үйгө киргизгим келген эмес. Жолдошум айтып жатса айла жок макул болуп, куурдак кууруп, кымыз бердим. Бир күн кечке кымыз сурап отурган конокторубуз жарытып деле кымыз ичкен жок. Арасынан бир арык киши «кандай ширин балдар» деп эле чөнтөгүнөн акча алып чыгып, Арстан, Дастан аттуу 2 уулума карматты. Өздөрү дагы кеткенче шашып, бат эле чыгып кетишти. Биз узатып эле кала бердик. Арстаным ал акчаны ошол замат эле көңдүн арасына түшүрүп алып таппай калдык. Ал эми Дастаным болсо колунан эч чыгарбай кармаган боюнча уктаган эле. Эртеси күнү эле Дастандын көзү китирейип, ичи ооруй баштады. Апам тоодо балдарды алып калып, Дастан экөөбүз ооруканага келдик. Эч бир оорунун мүнөздөмөсү жок болуп чыкты. Ошондо дагы дарыгер «менин көз алдымда болгула» деп бизди ооруканадан чыгарган жок.

Баламдын абалы күндөн-күнгө начарлап бара жатты. Ошол жерде иштеген бир келин «эже, бул балаңызды молдолорго көргөзбөйсүзбү, мен алып барайын» деп калды. Ал учурда мен балам үчүн кайда десе дагы барат элем. Мени ал келин дарыгерге билдирбестен алып чыгып, айткан молдосуна алып барды. Барганда эле ал киши баламды колумдан алып, «Ай балам, бул баланы мынча эмне кыйнадың? Бул дарт эми айыкпайт, сөөгүнө өтүп кеткен турбайбы» деп ойлонуп калды. Ошол учурда мен үчүн жашоо астын-үстүн боло түштү. Ал киши мени карап эле «Бул дарт балага кагаз акча аркылуу өткөн экен. Өткөн-кеткенди үйгө байкап киргизиш керек эле» деп баламды колума карматып койду. Үйдөн кандай чыкканымды билбейм, ооруканага келип, дарыгерден үйгө чыгууга уруксат сурадым. Ал күнү үйүбүзгө келип эс алдык. Эртең менен эле балам үн-сөзсүз мени таштап кетти. Бул сыяктуу окуялар менде 10 жолу кайталанды. Бала токтобой жатканын көргөн апам дагы мени аяп, балдарымды карап, көп акыл-насаатын айтып, жөлөк-таяк болду. Ошондуктан мен бул азаптардан эртерээк кутулдум окшойт деп ойлоп коём. Алардын ар бирин эстешке жүрөгүм чыдабайт, кудай калган балдарыбызга өмүр берсин. Азыр кудайга шүгүр, жаш кездеги көргөн азапты унуткарып, небере-чөбөрөлөрдүн курчоосунда отурабыз.

Бир жылы жайында айылдагы кайын агам улуу баласын кымыз ичкенге жибериптир. Ойноп жүрүп эле «жеңе денем кычышып жатат» деп калды. Артын көрө коёюн десем эле бит көбөйүп кеткен экен. Чочуганымдан «ии бала, кийимиңди тез чеч» деп казандагы ысык сууга кийимин чылап коюп, башындагы битин карай баштадым. Ошол убакта жолдошум кырдын башынан үйгө дүрбү салып карап турган экен. Минип жүргөн атын чапкылап эле күндөгүдөн эрте келип калды, жини келип алган. «Сен менин инимди карабай биттетип жибериптирсиң» деп урушуп, 1-2 жолу камчы менен чаап жиберди. Ал учурда менин деле барганыма аз гана убакыт болгон. Унчукпай ыйлап, баланын кийимин жууп бердим. Ошол кайын иним азыр 60 жаштан ашып калды. Мени көрсө эле «жеңем мен үчүн акемден тил уккан» деп күлүп айтып калат.

Жубайлар 7 бала, 33 небере, 27 чөбөрөнүн ата-энеси. Учурда кичүү баласы менен Арстан менен келини Захиранын колунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×