Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 15.08.2019 16:20 Жаңыланды: 01.09.2019 20:20 На русском

Айыл турмушу: Элмира жеңеге көмөч нан жасаганды кайын агасы үйрөткөн (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 41 жаштагы тургуну Нуралиева Элмира жеңеге нан жасаганды кайын агасы үйрөткөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылынын кызы. Жолдошу Доранбек Жуманалиев экөө 1996-жылы баш кошуп, Көк-Кашат айылына келин болуп келген.

«Жаңы келин болуп келгенде кайын энем каза болгонуна 8 ай болгон экен. Кайын атам жана жалаң эле кайын агаларым менен жашадым. Көрсө апам каза болгондон кийин үйдө аял киши жок болуп, атам уулдары менен кыйналып жашап жаткан кез экен. Анан кайын агаларым кичүү инисине (жолдошу) үйлөн деп уруксат беришиптир. Мен келгенде үйдө жалпы 5 эркек бар эле. Кайын агаларымдын бири кир жууп, бири нан бышырып, бардык жумуштарды өздөрү жасап көнүп калышыптыр. Мен болсо нан бышырганды билбейм. Көп тамак жасай албаган кезим. Кошуна жеңемдикине барып, «мага көрсөтүп бериңизчи» деп суранып жатып үйрөнгөн учур болду. «Көмөч нан бышыра албай жатам» десем, бир кайын агам билет экен. Ал көрсөтүп, үйрөтүп берген. Азыр эстесем күлүп калам.

1996-жылы 18 жашымда келин болдум. Улуу кызыбыз 2001-жылы төрөлдү. 5 жыл бою балалуу боло албай жүрдүк. Көп жолу токтобой эле балдарым боюмдан түшүп калып жатты. Улуу кызыбыз төрөлгөн соң катары менен дагы 2 кыз төрөлдү. Ооруканадан жолдошум сүйүнүп тосуп алат. «Улам кыз төрөйсүң» деп башка эле адамдар айтып жатса да жолдошум унчуккан эмес. Анын жанында өзүм улам эле кыз төрөйм, уул төрөмөйүнчө төрөй берем деп ойлоп калчумун. 3 кыздан кийин эгиз уулдарыбыз төрөлдү. УЗИге барганда эгиз уулдар деп айтышты. Укканда абдан сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергем. Көпкө чейин жолдошума айта албай жүргөм. Ошентип 2009-жылы 31-август күнү Азат, Изат деген эгиз уулдуу болдук.

Кудайга шүгүр, дыйканчылык менен алектенип оокат кылып жатабыз. Жолдошум кээде курулушта иштеп кетет. Болбой калса талаа иштери менен алек. Жаңы үй куруунун камын көрүп жатабыз. Кандай кыйынчылык болбосун чогуу жеңебиз», - деди Элмира жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×