Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баракелде, Бишкек 16.08.2019 11:42

Атаандашын «уктатып салып» оюндан чыккан У.Токтоболотов кызды балага алмаштырып тээп алган

Урматбек Токтоболотов
Урматбек Токтоболотов

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулган, эл аралык деңгээлдеги калыс, жиу-житсу спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону, Таймаш спорт федерациясынын вице-президенти Урматбек Токтоболотов менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Азыркы учурда эр таймаш, балбан таймаш жана эркин таймаш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип келе жаткан У.Токтоболотов спортко бала кезинен тарта аралаша баштаган.

«Спортко болгон кызыгуум мектепте окуп жүргөндө эле башталып, волейбол, футбол ойночумун жана күрөшчүмүн. Мектепте эле көптөгөн спорттук оюндарды уюштуруп турчумун. Мектепти бүтүп Бишкекке келип, Александр Воинов, Маралбек Давлеткулов аттуу агайлардын колунда кикбоксинг боюнча машыгып, спорттук жашоом башталды. 2005-жылы жаштар арасында өткөн кикбоксинг мелдешинде 1-орунду багындырып, Өзбекстан өлкөсүнө жолдомо алдым. Бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу бара албай калдым. Кийин эркин күрөш боюнча машыгып жүрдүм. Андан соң таймашка келдим. Таймаштан көптөгөн чемпионаттарга катышып жүрүп, 2015-жылы Таймаш федерациясынын вице-президенти болуп шайландым. 2015-жылы спорт клубун ачып, балдарды машыктыра баштадым. 2016-жылдан баштап спортун жиу-житсу түрү менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жете алдым десем болот. Комбат жиу-житсу боюнча Кыргызстандын биринчилигин утуп, Испанияга жолдомо алгам. Андан кийин ар кандай мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багындырып жүрдүм.

Спортко кызыгуум каныбызда эле бар болуш керек. Атам дагы кыргыз күрөш менен машыккан. Аталаш тууганым Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча спорт чебери. Ошондой эле Ташбай Сырдыбаев аттуу агабыз белгилүү спортчулардын бири болгон», - дейт Урматбек мырза.

Жиу-житсу боюнча «Open Kara-Balta» мелдешинде 1-орунду, быйыл «Open Bishkek», «Open Issyk-Kul» турнирлеринде алдыңкы орундарды жеңип алган У.Токтоболотов спортчу гана эмес мелдештерде ортодогу калыс жана бир нече спорттун түрү боюнча машыктыруучулук милдеттерди дагы аткарып келет.

«Негизи өзүм улуттук спорт болгон эр таймаш, балбан таймаш боюнча машыктыруучумун. Андан сырткары, спорттун аралаш уруш түрү боюнча машыктырам. Мунун ичинде грэпплинг дагы бар. Балдарым болсо жиу-житсу, таэквондо, грэпплинг, каратэ, дзюдо, кыргыз күрөш жана башка спорт түрлөрүнөн алдыңкы орундарды алып жүрүшөт. Мурун спортчу катары жүргөндө машыгып, мелдештерге катышуу менен гана чектелгем. Азыр жооптуу ишти аткарып жатам. Машыктыруу абдан оор иш. Бир көргөн кишиге жеңил сезилиши мүмкүн. Ал үчүн психолог болуш керек. Ар бир баланын психологиясын, мүнөзүн түшүнүп, туура мамиле жасаганды билиш керек. Ар бир баланын өзүнүн артыкчылыктары болот. Ошого карап машыктырыш керек. Андан сырткары калыстыкты дагы аркалап жүрөм. 2016-жылы жана 2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында онго жакын күрөштөр боюнча калыстык милдетимди аткардым. Ошондой эле жиу-житсу жана ММА боюнча дагы калыстык кылып келем», - деди машыктыруучу.

Комбат жиу-житсу боюнча эл аралык даражадагы калыс наамын Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп алган Урматбек мырза мелдеш учурунда көптөгөн кызыктуу же күлкүлүү окуялар болорун кошумчалап өттү.

«Ар бир нерсенин өзүнүн маданияты болот. Тартипти биринчи орунга коебуз. Ар бир спортчу өзүн туура алып жүрүүсү зарыл. Спорттук көз караш бар. Машыктыруу учурунда ар бир спортчума «күчүңөрдү залдын ичинен чыгаргыла. Бул жактан алган күчүңөрдү көчөдөн көрсөтпөгүлө» деп талап кылам.

Спортто көп эле күлкүлүү окуялар болот. Комбат жиу-житсу боюнча чыкканда эреже боюнча бетке түз сокку узатууга болбойт. Мен башында мелдеш башталганда эле түз сокку узатып алып, атаандашымдын эсин оодара чаап салган элем. Ошондо мени оюндан четтетип салышкан. Калыстык кылып жаткан учурда деле көп окуялар болду. Көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча калыстык кылып жаткам. Ортого 2 балбанды чыгарып, казак тилинде «баста» деп айтыш керек эле. Мен болсо таймашта калыстык кылып жүргөндүктөн «таймаш» деп кыйкырып салганым эсимде.

Дагы бир жолу комбат жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, ага 14 мамлекеттен спортчулар келген. Анда мындай окуя болду. Биринчи айлампада балдарды чыгарып мушташтырып жатканбыз. Бир маалда кыздар келип калыптыр. Кыздар кимоно жана баштарына шлем кийип чыгат, балдар өзүнүн тиш кабы жана бандаж менен чыгышат. Ар бир чыккан спортчунун коопсуздугун текшерип чыгарабыз. Ошол малда мен байкабай эле кызды «бандажың барбы?» деп тизе мен тепсем, ал «мен кызмын» десе ыңгайсыз абалда калып, бир чети күлкүм келген», - деди эл аралык калыс наамынын ээси.

Урматбек мырза спортто кубануу менен бирге эле өкүнү дагы болорун белгилейт.

«Спортто жеңилгенге дагы, жеңгенге дагы ар дайым даяр болуш керек. Олимпиадада «башкысы жеңиш эмес, катышуу» деген ураан бар. Спортто ийгиликке жетиш үчүн тынымсыз эмгек, машыгуу керек. Спортчунун жакшы ой-тилек, максаты болуусу зарыл жана ошого карап алдыга умтулушу керек. Спортто ар кандай кырдаал болот. Кээ бирде жакшы даярданбай калышың мүмкүн же мелдешке чыгарга жакын ооруп каласың дегендей. Жакында эле «Open Issyk-Kul» мелдешине чыгарда ооруп калдым. Ошого карабай чыгып, жеңип алдым. Бирок аябай кыйналып калдым. Ар бир жеңиш кубантат. Машыктыруучулук жакта балдарың сенин кылган эмгегиңди актап, ар бир мелдештерде жеңишке жетсе кубанасың. Кайгырганың — өстүрүп, мыкты спортчуну даярдап алсаң айрымдардын ата-энелери баласын спортко катыштырбай коет.

Азыркы тапта спортту колдогондор дагы жок эмес. Менин аксаганым, демөөрчү жок, каражаттын жоктугуна байланыштуу дүйнө чемпионаттарына катыша албай келебиз. Мисалы өзүмдү айтсам, Испанияга, андан кийин Польшага жолдомо алгам. Тилекке каршы каражаттын тартыштыгынан улам бара алган жокмун. Окуучуларым боюнча айтсам, быйылкы жылы эле Кыргызстанда ММА боюнча биринчилик өтүп, 4 окуучум 1-орунду алып Грецияга жолдомо алышкан, бирок каражат жоктугунан бара албай калышты. Андан кийин кулатуу түрүнөн 3 балам Казакстанга жолдомо алышкан, алар дагы бара алышкан жок. Буюрса күзүндө Азербайжан өлкөсүндө алпагут боюнча чемпионат өтөт. Каражат болуп калса катышып келебиз.

Жалпы 60 спортчу балдарым бар. Өзүмдүн спорт клубумда 50дөй бала машыгат. Спорттон тапкан каражатыбызды өзүнө эле, залдын оңдоп-түзөөсүнө, жабдыктарына жумшайбыз. Алдыга койгон максаттар көп. Таймаш спорт федерациясын жогорку деңгээлге көтөрүү, спортчуларды Азия жана дүйнө чемпионаттарында өлкөбүздүн туусун желбиретүүгө тарбиялоо», - деди Урматбек мырза.

Анын жубайы Таластын кызы. 2 уул жана 1 кызы бар экенин, 6 жаштагы уулу спорт менен машыгып, ал дагы эл аралык мелдеште 3-орунду, экөөсүндө 2-орунду алып кубандырганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×