Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусу, Талас 17.08.2019 14:00 На русском

Таласта кайыр сураган адамдарга рейд жүрүүдө

Turmush -  Талас шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «Кайырчы» аталышындагы коомдук-профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин негизги максаты — коомдук жайларда жашы жете элек балдардын жумушка тартылуусун жана өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу. Иш-чаранын алкагында мечиттерде жана Талас шаарынын көчөлөрүндө тилемчилик менен алектенген жарандар текшерилди. Рейд учурунда жумушка тартылган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ата-энелери Бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык жоопко тартылат.

Иш-чаранын алкагында 15ке жакын адам милиция бөлүмүнө жеткирилип, өздүктөрү такталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×