Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.08.2019 08:27

Айыл турмушу: Бакай-аталык Э.Ниязбеков 20 жылдан бери устачылык кесипти аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын 52 жаштагы тургуну Эдил Ниязбеков 20 жылдан ашуун убакыттан бери устачылык менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аскерге барганда электрик кесибине ээ болуп келген.

«Балалыгым ушул айылда өткөн. Мектепти аяктагандан кийин аскердик милдетимди Россиянын Архангельск шаарында өтөп, 1986-жылы айылга кайтып келдим. Мектепте окууну калтырып коюу жашоого канчалык зыянын тийгизе турганын көрдүм. Аскерде жүргөндө мектепте жакшы окуп алсам болмок деп өкүндүм. Аскерден физика сабагын орус тилинде окутту. Орусчадан жакшы эле кыйналдым. Сүрөтчүлүк жөндөмүм күчтүү болгонунан физика боюнча электр жагын сүрөт менен чиймелеп түшүнчүмүн. Тартылган сүрөткө + же - белгисин коюп фазаны белгилөөгө болот. Ошентип кайрадан материалды өздөштүрүп, электрик боюнча орто кесипке ээ болуп келдим. Мен бир нерсени көрөрүм менен ички сезим аркылуу сүрөт тартам. Ошону даярдасам болот деп чечим чыгарып, иш жүзүндө жасап коём.

Атам сүрөтчү болгон экен. Чиймелеп, бир түстүү калем менен эле сүрөт тартып койсо, ал сүрөтүн окуу жайында үлгү катарында көргөзмөгө алышчу экен. Мен сүрөттү кууп тарткан жокмун. Бирок устачылыгын улап келе жатам. Өзүмө гана эмес, көпчүлүккө суранганын жасап берем. Союз учурунда колхоздо бир топ жыл иштедим. Бирок андай жумуштар жакчу эмес. Мага бирөө башчылык кылып, акыл үйрөтсө заматта жумуштан чыгып кетчүмүн. Союз тараганда өз алдымча оокат кылайын деп станокторду чогулттум. Сатып ала албаганымды бир көрүп жасап коюп жүрдүм. 20 жылдан ашуун убакыттан бери темир жана жыгач устачылык менен алектенип келем. Мурун атамдын устаканасында иштечүмүн. Аны акеме калтырып, мен өзүмө башка устакана ачып, эл кызматындамын. Устачылык өнөрүмдү жаш балдарга үйрөтөйүн десем баары эле оор жумуш деп качышат. Жакында бургу жасадым. Эми ал чоң керекке жарап, аны менен элге керектүү буюмун оңдоп же формага салып даярдап берип жатам. Ширетүүнү өз алдымча үйрөнүп алгам. 1-2 жолу көзүмдү оорутуп, анан көнүп кеттим.

Кудайга шүгүр, кардарларым көп. Жалпы Талас ичинен кардарлар келет. Азыркы учурда чөп жыйноо үчүн түрдүү айры жасап жатам. Чоң айры 700 сом. Унаага чиркегич, бешиктен бери жасайм. Унаанын тилин жакшы түшүнгөндүктөн аны оңдоо иштерине көп аралашам», - деди ал.

Уста мындан тышканы дыйканчылык дагы кылат. Үй-бүлөдө 4 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×