Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 19.08.2019 16:51 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Турусбеков төө буурчак жулуучу 7000 долларлык жабдык жасап жатат (видео)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 42 жаштагы тургуну Нургазы Турусбеков төө буурчак жулуучу 7000 долларлык жабдык жасап жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында төрөлгөн.

«Мектепте окуп жүргөндө эле трактор оңдоп айдачумун. Атам тракторчу болчу. Ошондон бери техникага кызыгып, ар кандай техникаларды оңдоо иштери менен алектенип келем. Айыл чарба техникаларын жасоону өз алдымча үйрөнүп алдым. Талаа иштерине керектүү шаймандарды жасайм. Агрегатты жасоого айлап убакыт коротобуз. Комбайн жасоого 3-4 ай кетсе, культиваторго 2 ай талап кылынат. Аларга керектүү шаймандарды Таластан алабыз. Таласта табылбаган тетиктерин Бишкектен алдырам.

Шаймандарды жасоого бир адамдын күчү жетпейт. Ошондуктан бир туугандарым менен жасайбыз. Талаа иштерине керектүү шаймандарды өзүбүз жасайбыз. Эгер элден буйрутма болуп калса алардыкын дагы жасап бергенге аракет кылабыз. Көбүнчө элден комбайнга буйрутма болот. Азыркы учурда иним менен төө буурчак жулгуч жасап жатабыз. Аны жылда жасагандардан өзгөчө кылабыз. Керектүү тетиктерин Бишкектен алдырып жатабыз. Буйруса 1 жуманын ичинде жасап бүтүп калабыз. Жасап бүтсөк 7000 долларга баалайбыз. Бул жабдык ойдогудай болсо буйрутма алып, башкаларын дагы жасай баштайбыз деген пландарыбыз бар.

Мурда буйрутма көп болчу. Азыр үйдө баары эле уста болуп калбадыбы (күлүп). Экинин бири ширетүүчү, экинин бири уста. Ар бир үйдө жок дегенде бир адам устачылык менен алектенип калды. Кыргыздар кытайлардан да ашып кетпедиби. Иштебеген мээлери азыр иштеп, бардыгын жасап жатышат», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×