Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусу, Талас 20.08.2019 12:35

Таласта 1 жумадан бери айдоочуларга карата рейд өтүп жатат

рейд, ночь, авария
рейд, ночь, авария

Turmush -  Таласта жол эрежесин одоно түрдө бузган 15 жөө жүргүнчүгө протокол түзүлүп, айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Достук Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, облуста 12-августтан тарта өтүп жаткан «Техникалык абал» аттуу рейд 22-августка чейин уланат.

«Бул рейддин негизги максаты — жол транспорт кырсыктарын болтурбоо. Жүк ташыган, эл ташыган транспортторду техникалык кароодон өткөнүн текшерип жатабыз. Түнкү саат 02:00гө чейин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери иштешет. Жол эрежелерин одоно бузган жөө жүргүнчүлөргө карата 15 протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды. 19-августка чейин 1 апта аралыгында 325 протокол түзүлүп, мас абалдагы 4 айдоочу кармалды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×