Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 20.08.2019 14:15 На русском

Ал мендей күйөө, мен андай жубай таба албайт элем: Мистенбек ата менен Сайракан апа 61 жылдан бери бирге жашап келе жатышат

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 79 жаштагы тургуну Арыкбеков Мистенбек ата менен 74 жаштагы Арыкбекова Сайракан апа 61 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Мискенбек ата: Жубайым Кара-Коюн деген жайлоодо ата-энеси менен мал кайтарып жүрчү. Ал жакта менин эжем менен жездем бар болчу. Алардын өзүм курактуу балдары менен футбол, волейбол ойночубуз. Ошол жактан жубайымды көрүп калгам.

Мен үйдө жалгыз уул болдум. Атам 1 жашымда каза болуп, апам чоңойтту. Бой жетип калганда апамдын ден соолугу начарлап, «келин алып кел» деп туугандарым уруксат беришкен. Ата-энеси каршы болгонуна карабай көндүрүп, тууган салып отуруп жеткем. Ал учурда жаш кызга үйлөнгөндөр соттолуп кетчү. Менин кайын агам чоң кызматта иштегендиктен «өзүм уруксат бердим» деп өзү жооп берген. Ал эми жубайым теңдүү кыздарга үйлөнгөн теңтуштарымдын ичинен 8 ай 6 айга кесилип кеткендер болду.

Жубайымдын бардык мүнөзү жагат. Үйдө уруш деген нерсе болгон жок. Жубайыма бир дагы жолу кол көтөргөн жокмун. Баарын камсыздап жашаганга аракет кылдым. Жаңы үйлөнгөндө бир эсте калган учур болду. Жайлоого мал менен 1 жылдай чыгып калдык. Ал кезде оокат тартыш кез болчу. Жубайым жаңы келген учур эле. Бир сонун тамак жасаптыр. Өзү жеди болуш керек деп өзүм жедим да, калганын итке куюп берип, идиштерин жууп койгом. Келип алып, «мен тамак жебей калдым» деп ызаланып ыйлаган. 60 жыл өтсө да ошонусун такыр унутпайм (күлүп).

Экөөбүз баш кошпогондо ал мендей күйөө, мен үчүн жубайымдай адам табылбайт болчу. Балдарымдын апасы — менин жашымда кошулган шеригим.

Сайракан апа: Мен Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын кызымын. Биз жайында жайлоодо мал багып, ата-энем менен жашадык. Жолдошум менен сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Мен жаш болгондуктан кайын энем ата-энемдин уруксатын алам деп жарым жыл тынбай үйүбүзгө каттаган. Жарым жыл дегенде гана ата-энем улуу кишинин сөзү дешип уруксат беришкен. Апам (кайын энеси) менен чогуу 33 жыл жашадык. Мени кызынан дагы артык көрдү. Мен кыла турган жумушту дагы өзү жасап койчу. 3 кыз, 1 уул төрөдүм. Бакыт уулубуз да жалгыз эркек болуп, чоң апасы эркелетип карачу.

Бир жолу эсимде, Бакыт 1-класс кези болчу. Бир тентектик кылып, чыбык менен бутка чаап койдум. Апам чуркап келип эле «чыбыгыңды бер» деди. Оюмда эч нерсе жок эле бере калдым. Ошондо 30 жаштан ашкан кезим болчу. Көйнөкчөнмүн, буттарым жылаңач. Апам чыбыкты ала калып эле мени бутка чаап жатат. Же качып кете албайм. Балдарымдын баары сүйүнүп карап турушат. Чапкылап бүтүп: «Бар эми атаңды чакырт, алып кетсин. Баланы ура турган акың жок» деп кыйкырган эле.

Мен өзүм да жалгыз эле келиндүү болдум. Келиним келгенде 2 кайын эне менен жашады. Апам бир күнү мени чакырды. Барсам: «Мунун (небере келини) апасы кызын күйөөгө тиет деп ойлогон жокпу? Алдагы жайылган кирди көрчү» деди. Барып карасам келиним кирди оодарбай жайып коюптур. Дагы бир күнү бир жактан келсем апам дагы кыйкырып жатыптыр. «Келиниң нан жасай албай отурат, өзүң бүтүрүп кетпейсиңби» деп кыйкырды. «Апа коюңузчу, балдары нан-нан дегенде өзү эле жасайт» дедим. Барсам келиним көмөч нан кылам деп камырды жайып алып, бышыра албай жатыптыр. Ошондо апама: «Апа, сиз өзүңүз мага бир дагы катуу айтып урушпасаңыз, мен келинимди кантип урушам?» деп күлдүк эле. Азыр эми келиним Элмирамдын келгенине 30 жыл болду. Ал келиним менен 16 жыл чогуу жашадык. Андан кийин улуу неберемдин колунда жашап жатабыз.

Жолдошум алтын киши. Үйдө уруш чыгарбай, ынтымакта жашадык. Ал жумалап жайлоого кетип калганда үйдө тиричиликти мойнума алып, баарын жасап жардам бердим. Экөөбүз эриш-аркак болуп балдарды өстүрдүк. Учурда бизден 50гө жакын небере-чөбөрө тарады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×