Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 20.08.2019 15:05

Таласта «Альянс-Алтын» күнү белгиленип, балдарга майрам уюштурулду. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 20-августта Талас районундагы «Барчын» эс алуу лагеринде «Альянс-Алтындын» майрамдык күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара жыл сайын белгеленип келе жатат. Бул жолу 224 балага майрам уюштурулду.

«Жылдагыдай эле Талас облусунун аймагында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы эс алуу уюштурдук. Алардын тизмесин атайын айыл өкмөттөрдөн социалдык адис даярдап өткөргөн. Жылына 180 бала эс алууга келчү. Быйылкы жылы 940 миң сом каражатка 224 балага 10 күндүк эс алуу уюштуруп бердик. Бул бизде салтка айланган. Атайын компаниянын өкүлдөрү келип, бир күндү «Альянс-Алтын» күнү деп белгилеп, балдарды ойнотуп, майрамдык маанай тартуулайбыз. Бүгүн ошол саамалыкты улай «Альянс-Алтын» күнү белгиленип жатат. Бүгүнкү иш-чарага 140 миң сом каражат сарпталууда. Балдарга оюнчуктар, балмуздактар, таттуулар таратылып, мыкты деңгээлде даярдалган театрлаштырылган концерт уюштурулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×