Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 20.08.2019 17:35 На русском

Айыл турмушу: А.Исакова энесинин жолун жолдоп, 40 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 61 жаштагы тургуну Адаш Исакова 40 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакайыр айылында чоңойгон.

«Илгерки убакта аялзаты чеберчилик менен алек болуп отурушчу эмес беле. Менин дагы апам шырдак шырып, түймө түйүп, сайма сайчу. Бала күнүмдө апама жардам берип жүрүп аялзатына тийиштүү болгон жумуштарды үйрөнүп алгам. Кыз бир туугандарымдын баарынын колдору жөндөмдүү. Айрыкча мен келин болгондон тарта апамдын жолун жолдоп, чеберчилик менен алек болуп баштагам. Эсептесем 40 жылдан бери ушул нерсенин үстүндө иштеп келе жатыптырмын. Башында үй-бүлөмө деп кийим-кече тигип жүрдүм. Кийин буйрутма алып, курак курап, сайма сайып жүрдүм. Колу жөндөмдүү абысындарым менен биргелешип кыздын себин даярдап 3 жыл иштедик. Шартка байланыштуу биз Бишкекке көчүп, ишибизди токтотуп койгонбуз. Кийин айылга келип, өз алдымча үйдөн буйрутма алып жүрдүм.

Мен көбүнчө сайма менен иштейм. Сайма сайганды жактырам. Үйдүн ичиндеги буюмдарда өзүмдүн колумдан сайылган саймалар. Илинип турган туш кийизден тарта пардаларыма чейин саймасын өзүм сайып чыккам. Сайма саюу майда жумуш болгондуктан убакытты көп талап кылат. Колумдун боштугуна карап бүтүрөм. Айыл ичи болгондуктан майда жумуштар көп болот. Аларды бүтүрүп коюп сайма менен отурам. 1 айда бир туш кийизди сайып бүтүрөм. Атайлап деле көрсөтмөлөргө чыккан эмесмин. Өз алдымча үйдөн эле иштейм.

Жолдошум мындан 10 жыл мурун каза болгон. 6 кыз, 1 уулубуз бар эле. Жалгыз уулумдан дагы ажырадым. Энени баладан, баланы энеден ажыратпасын. 6 кызым тең бойго жетип, өз түгөйлөрүн таап, үй-бүлө күтүп, туш тарапка кетишкен. Азыркы учурда үйдө жалгызмын. Кызымдын кызы болуп экөөбүз жашайбыз. Жалгыздык эң жаман нерсе. Ээрчишип жүргөнгө түгөйүң болгон чоң бакыт экен. Айла жок, жалгыз отура бербейин деп курак курайм, сайма саям. Кирип-чыгып гүл өстүрөм.

Чеберчиликтин дүйнөсү менен жашагандыктан мунсуз жашоону элестете албайт экенмин. Азыркы тапта туш кийиз жасап жаткан учурум. Бетине жаратылышты чагылдырып сайма сайып жатам. Буйруса бүтөйүн деп калды. 1 айга жакын убакытты талап кылды. Көбүнчө кыш мезгилинде алек болом. Жаз, жай мезгилдеринде сырттагы жумуштар менен алек болуп жүрүп, кол өнөрчүлүгүмө жакшы көңүл бурулбай калат. Баалары ар кандай, 3 миң сомдон өйдө бааланып сатылат», - деди ал.

Адаш апа кыздарынан 23 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×