Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусу, Талас 21.08.2019 14:10 На русском

Таласта жогорку кызматта иштеген айым 12 кабат имараттан кулап кетип, ооруканада дарыланууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева кырсыкка кабылып, ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-августта Turmush басылмасына облус жетекчиси Марат Мураталиев тастыктады.

Маалым болгондой, Азият Жаркыналиева 15 күн мурда Бишкек шаарында кырсыкка кабылган.

«Азият Шаболотовна кызына Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир карайбыз деп барыптыр. Ал үйдөн 12-кабаттан 10-кабатка кулап түшкөн экен. Ал жерде өрт учурунда чыгуучу тешикке темир койбой, жөн эле гипсокартон коюлган экен. Ошол жерди басып алып кулап кетиптир. 10-кабатка темир коюлуптур, ошол жерге түшүптүр. Кечээ күнү ооруканага барып көрүп келдим. «Эртең, 22-августта үйүнө чыгарылат» деп айтышты.

Азият Шаболотовна менен макулдашып, Көчмөндөр оюндарына өткөрүп алууга анын кызмат ордуна убактылуу Талас районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Динара Баялиева келди. Азият Шаболотовна ден соолугун чыңдап, сынган жерлери ордуна келгиче 2-3 ай убакыт керек экен. Айыгып өз ордуна келет», - деди Мураталиев.

Азият Жаркыналиева 61 жашта, 1 кыздын апасы. Кыргызстандагы Көчмөндөр оюндары быйыл Талас облусунда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×