Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 21.08.2019 15:12

Кара-Бууранын Арчагул айылында «Бир адамдан бир китеп» иш-чарасы өттү

Turmush -  Бүгүн, 21-августта Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Талас облустук жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Бектур Медетбеков, айылдын жаштары, мугалимдер катышты. Жыйында Кара-Бууранын жаштары 8-июль күнү китептерди чогултуу ишин баштап, 1,5 айда 600гө чукул китеп чогултулганы айтылды. Аталган китептер Арчагул айылындагы Дүйшөн атындагы орто мектебинин китепканасына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×