Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 21.08.2019 17:15 На русском

Айыл турмушу: Бакай-аталык саяпкер Мырзат чет өлкөгө чейин барып, ат таптоонун сырларын үйрөнүп келди (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 27 жаштагы тургуну Жамгырчы уулу Мырзат 9 жылдан бери күлүктөрдү таптап келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Анын айтымында, чоң атасы да ат таптаган адам болгон.

«Кичинекейимден жылкы баласына жакынмын. Атам дагы ат чаап, жылкыны аздектеп жүрчү. Мен атты багып эле койбостон, аны таптоонун сырларынан үйрөнүп келейин деп Бишкекте Адилет, Эржан деген саяпкерлерден сабак алгам. Андан кийин Казакстанда 2 жыл жылкы баласы менен жүрүп, тажрыйба топтоп келдим. Ошентип 9 жылдан бери атамдын жолун улап келем. Бирок жылкынын тилин табуу оңой эмес. Практикада саяпкерлер менен аралашып жүрүп, көп нерсени үйрөндүм. Мында командалык жумуш жана күч керектелет десем жаңылышпайм. Бир адамдын колунан да келет. Бирок кайсы бир убакыттан кийин ал дагы чарчайт. Ат таптоо үчүн жылкынын тукуму, анын багылышы, саяпкердин тартиби менен таптоо эрежеси, чабандестин аракети зор мааниге ээ. Ушулар туура сакталганда гана жакшы күлүктөр даяр болот. Учурда Карагат, Каракыз, Апорт деген 3 атты жарышка даярдап жатабыз. Республикалык деңгээлдеги жарыштарга түшө элекпиз. Таластын ичинде жарыштарга түшүп жүрөт.

Көк-Ой айылында дайыма 23-февралда жарыш болуп турат. Аттарыбыз бул чабыштарда 1-орунду алып жүрөт. Мээнетибиздин үзүрүн көрө баштадык. Чоң байгелерге эми чыгат. Мен таптаган күлүктөрүмдү кулун кезинен бери багам. Булардын энеси Таластан чыккан күлүктөр. Атасы Москвадан келген таза кандуу жылкы болчу. Аттарды жаш баладай карайбыз. Күнүгө 1 жылкыга 6 кг жем, кошумча тоюттарды берип, табынан бузбайбыз. Убактым жылкылар менен өтөт. Чабандес балдар бар, дайыма келип жардамдашып турушат. Жылкыларды багып жүрүп мүнөздөрүн жакшы билем. Кээде маанайына жараша мамиле жасап коём. Мисалы, чарчап турса аяп, чуркагысы келип калса талаа-түздө чабам. 3 жылдан бери көк бөрү дагы ойноп келем. Район арасында түзүлгөн команда менен Бишкекке чейин барып, оюнга түшүп жүрөм.

Бир жолу улакты тайказанга алып барганда каршылаш 2 ат басып калган. Астында калып, бирок кудай сактап эч нерсе болгон эмесмин. Башка көк бөрүчү балдар таптап жаткан аттарды көк бөрүгө салайын деп келишет. Бирок бербейм, кара жумушка дагы салбайм. Буга чейинки күлүктөрүмдү айылдан билгендер эле сыртка чыгарбастан 150-200 миң сомго чейин сатып алып жүрүштү. Сурагандар дагы көп. Негизи 1-2 жаштан баштап байгеге сала берсе болот.

Аттарды сатып аларда 7 атасынан бери изилдейм. Себеби тукуму чоң мааниге ээ. Убагында ветеринарлардын көзөмөлүнөн өтүп турат. Айылда азырынча өзүм эле күлүктөрдү таптап жатам. Дагы бир жигит жаңыдан ат таптап баштады. Алдыда мыкты тукумдагы жылкы баласынын санын көбөйтүп, чет өлкөлөргө чейин чыгарсам дейм», - деди ал.

Саяпкер учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×