Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусу, Талас 22.08.2019 12:51 На русском

Өрттөнүп кеткен адамдын манжаларын бирден чогултканбыз: Куткаруучу Э.Тойчубековдун ишиндеги коркунучтар. Сүрөт

Turmush -  Талас шаарынын 35 жаштагы тургуну Эрлан Тойчубеков 12 жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, куткаруучулардын жумушу оңой эмес.

«2001-жылы орто мектепти аяктап, аскердик кызмат өтөөгө баргам. 2005-жылы үй-бүлө куруп, дыйканчылык менен алектенип жүрдүк. 2007-жылы ушул Талас шаардык өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүндө өрт өчүргүч болуп иштеп баштагам. Учурда команда башчысымын. Кичинемден эле аскер тартибин жакшы көрүп, ошолордун катарында болом дечүмүн. Тилегиме жараша элиме кызмат кылып жатам.

Бизде күлкү менен эстеп отура турган учурлар болбойт. Өрт өчүрүүгө барганда эле өз өмүрүңдү ошол жерге арнап коесуң. Анткени ал жерде ар кандай күтүүсүз кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн. Жакында эле бир үйдө өрт чыгып, ичинен 100дөн ашык газ баллон алып чыктык. Кокустук болуп, бир эле газ баллон жарылса аман калбайт элек. Кыш мезгилинде өрт өчүрүүгө барганда колубуз үшүп калат. Суу чачкан түтүктү (шланг) тез орошубуз керек болот. Болбосо заматта тоңуп калат.

Тажрыйбамда тирүүлөй күйүп кеткен адамды бүгүнкү күнгө чейин унутпай келе жатам. Окуя 2008-жылы 23-февраль күнү болгон. «Талас шаарында мектептердин бири өрттөнүп жатат» деген чалуу түштү. Барсак мектепте от жаккан адам «ичинде кароолчу өрттөнүп жатат» деди. Көрсө от жаккыч менен кароолчу экөө чогуу арак ичишиптир. Андан кийин кароолчу киши өз бөлмөсүнө кирип жатып алыптыр. Кышында сайылып турган жылыткычка жамынып жаткан жуурканы түшүп кетип, өрт чыгыптыр. Өрт эшикти каптап калып, мектептин экинчи эшиги сыртынан кулпулангандыктан чыга албай калган. Жан керек экен, сыртынан бекитилген эшикти ачам деп тыткылаптыр. Эшикте коркунучтуу тактар калып, ал кишинин манжалары үзүлүп калыптыр. Ар бир манжасын бирден чогултуп чыкканбыз. Мындайды биринчи жолу көргөндүктөн көпкө чейин жаман болуп жүрдүм.

Биз сууга агып кеткендерди дагы куткарууга чыгабыз. Көп адамдар сууга чөгүп кеткендерди алып чыгышат да жардам көрсөткөндү билишпейт. Көп учурда башын көтөрүп жаткырып коюшат. Бул эң туура эмес. Адамдын ичиндеги сууну чыгарыш керек. Ошондо гана адамды куткарууга мүмкүнчүлүк бар болот.

2004-жылдан бери соода менен алектенген жеке ишканада дагы эмгектенип келем. Бул жакта ишимдин убактысы бүткөндөн кийин ал жакта иштейм. Иштеп жаткан жеке ишкананы демөөрчү кылып биздин Талас шаардык өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүнө намазкана курдурдук. Негизи аскердик түзүмдө намазкана болбойт. Бирок бизде намаз окуган балдар көп болгондуктан кыштын күнү муздак полго окууга туура келчү. Жетекчиликтин уруксатын алып, анан демөөрчүбүз 80% каражатын мойнуна алып, атайын намазкана жасап берди.

Мени көптөр «Өрт өчүрүүчү болуп иштегенден алган пайдаң эмне? Өмүрүңө эле коркунуч» де айтышат. Бирок мен өз ишимди жакшы көрөм. Бизде намыскөй, өтө сабырдуу, кесипкөй жигиттер эмгектенет. Такай машыгып турабыз. Ишибизге келе жатканда «өрт болбосо экен» деп келебиз. Өзүбүздүн арабызда «керек болсо кошунамдын ажатканасы өрттөнбөсүн» деп тамашалашып калабыз. Кандай жерге барсаң дагы досуң болобу, касың болобу жардам бергенге аракет кыласың. Түшүнгөндөр жолукканда ыраазы болушат. «Менин мүлкүмдү сактай албай койдуңар» деп нааразы болгондор да бар», - деди ал.

Куткаруучу жубайы экөө 2 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×