Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 23.08.2019 13:06

Таластын Сасык-Булак айылындагы маданият үйү 5,4 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылындагы маданият үйү 5 млн 430 миң сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу оңдоо иштерин аткарып жаткан ишкананын жетекчиси Сабырбек Алтымышов билдирди.

«Бул маданият үйүн оңдоого 6 млн 900 миң сомго тендер жарыяланган. Биз 5 млн 430 миң сомго утуп алганбыз. Былтыр жазында оңдоо иштери башталып, бирок акча которулбай иши токтоп калган. Учурда иш башталып, жумуштун 75% бүтүп калды. Имараттын дубалы бекем болгондуктан капиталдык оңдоого берилген. Дубалдан жарака кеткен эмес. Бирок башында көрүнүшү өтө кейиштүү болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×