Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 23.08.2019 09:50

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 23-августта күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

24-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×