Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 25.08.2019 08:13

Айыл турмушу: 91 жаштагы мугалим Абдрахман ата окуткан балдардын алды 70 жаштан ашып калды (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы 91 жаштагы Көкөев Абдрахман ата менен 87 жаштагы Накаева Бермет апа 72 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келе жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Аксакалдын айтымында, мектепте 45 жыл биология сабагынан мугалим болуп иштеген. Окуучуларынын алды 70 жаштан ашып калды.

«Ушул айылда чоңоюп, айылдык орто мектепте 45 жыл биология сабагынан мугалим болуп эмгектендим. Кийин аскерге чейинки даярдык боюнча сабакты да окутуп калдым. Өзүм аскерге 5 жыл иштеп туруп анан кеттим. Аскерге балдарды жазында жана күзүндө алат эмеспи. Мени менен кошо 6 жигитти 1-январь күнү Германияга алып кетишкен. Ошентип иштеп жүргөн балдар аскерге кетип, кызматыбызды өтөп келгенбиз.

Байбичем Бермет 1932-жылы Талас районунун Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. Бирге жашап келе жатканыбызга 72 жыл болду. Менин жакамды кирдетпей, балдарды багып, мага колдоо көрсөтүп, үй кожейкеси болду. Кудайга шүгүр, 2 баланы өстүрүп, эми небере жетелеп жүрөбүз. Байбичем жазуучу Касым Каимовдун карындашы. Адамкерчилик сапатты бийик койгон, мээнети күч адам.

Мен жашоодогу тандаган кесибим менен сыймыктанам. Биз иштеген учур салыштырмалуу башкача убак экен. Ал убакта окууга улуу-кичүү дебей баары кызыкчу. «Окуп билим алсам жашоом жаман болбойт» дешчү. Союздун дагы тартиби, талабы күч болуп, биз дагы ошого тарбияланыптырбыз. Жумушума болгон жоопкерчилигимден таң шооласын чачканын байкабай калчумун. Себеби эртеңки күнкү сабак үчүн деп даярданып далай таңдар аткан. Ал күндөрүм текке кеткен жок. Пенсияга чыкканыма 30 жыл болду. Ошондогу окуучуларым азыр дагы мени көргөндө атасындай мамиле кылат. Мен ошого ыраазымын, жүрөгүм жылыйт. Азыр ошол балдар 70 жаштан ашып калды. Дагы деле агай деп турушат. Мектепке чакырып дагы калышат. Азыркы балдар саламдашмак турсун эшиктен чыкканда эле тааныбай калат.

Мен башка жумуштарга иштесем деле болмок, шартым бар болчу. Бирок билим берүүгө салым кошсом деген ниетим башка тармакка бутумду шилтеткен жок. Бирок канчалаган балдарга билим берип, бир нерсе үйрөткөн мугалим болуп айтылып калдым. Эл эмгегимди баалап, «Эл агартуунун отличниги» наамынын, бир нече медалдардын ээси болгом.

Ошондогу балдардын сабакка болгон кызыгуусу, алардын бир нерсе үйрөнсөм деген көздөрү мени күндүр-түндүр көргөзмө куралдарды жасап даярдасам дагы, чарчаганымды сездирчү эмес. Биолог болгондон кийин балдарга теорияга практиканы кошо көрсөтүп сабак өтчүмүн. Жыйынтыгы жакшы болчу. Мектепке тиешелүү жер тилке берет эле. Ал жерге алма өстүрүп, түшүмүн мол жыйнап алып, завхозго өткөрүп берчүмүн. Ал Ташкентке чейин алып барып сатып келип, мектепке чоң жардам алып келчүбүз. Мектептин алдында өсүп турган карагай, бак-дарактар менин колумдан өскөн. Биологияга багбанчылык жакын. Пенсияга чыккандан бери тал-терек, алма тигип, аларды өстүрүп келем.

Азыр келиндерим мугалим. Жакында айылга бир мектеп курууга жардам бердим. Тигил мектеп бул тегеректин балдарына алыс болуп калды», - деди аксакал.

Жубайлар 2 баланын, 5 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×