Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 26.08.2019 13:01

«Манас Ордодогу» түнкү чырактарды уурдагандар зыянды төлөп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Таластагы «Манас Ордо» комплексинде күндөн энергия алып, өзү күйгөн түнкү чырактардын көбү уурдалып кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалым болгондой, бул чырактар 2018-жылы июнь айларында коюлган болчу.

Ал эми комплекстин кызматкерлери чырактарды мектеп окуучулары уурдап кетишкендигин билдиришти.

«Чырактар 2019-жылда уурдала баштаган. Биз аңдып отуруп милиция менен биргеликте 1-май күнү шектүүлөрдү кармаганбыз. Алар Ак-Жар айылындагы мектептин окуучулары болуп чыгышкан. Алардын үстүнөн иш козголуп, ата-энелери материалдык чыгымды төлөп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×