Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 26.08.2019 16:51

Айыл турмушу: Таластык А.Обулусбеков карышкырга кол салган кыргыз тайгандарды багууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арашан айылынын 24 жаштагы тургуну Арсланбек Обулусбеков 5 жылдан бери тайгандарды багып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тайгандары 3 ай сайын ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтүп турат.

«5-классымдан бери тайган багам. Бирок акыркы 5 жылдан бери кыргыз тайгандарды багып, аңчылыкка чыгарып жүрөм. Кыргыз элибиздин унутта калып бара жаткан бул мурасын аздектеп келем. Кичинекейимде тайгандарды бир тууган акем бакчу. Мен анын бакканын көрүп жүрчүмүн. Тайгандардын аягы суюлуп калбай баратканда акыркыларын багып, ушундай иш менен алек болуп кеттим. Ит, жылкы баласына жакынмын.

Негизи тайгандар малчылыкка ылайыкташтырылган эмеспи. Малчылар дагы акылдуу жандык катарында ээрчитишет. Себеби тайган жүргөн жерге карышкыр жолобойт. Ургаачы тайгандардын бою 60-65 см чейин, эркек тайгандардыкы 65-70 см чейин болот. Андан бийиктери дагы болот. Бирок алар биздин тоолорго ылайыктуу эмес. Тайгандарымды 40 миң сомго сурап келгендер көп. Оштон келгендер бир эле күчүгүн 20 миң сомго сатып алып кетишкен. Негизи сатууга бербейм. Арасында карышкыр алгандары бар.

Облустар аралык, республикалык салбурун мелдешинде тайгандарды жарыштырып турам. Каракуш аттуу тайганым Кыргызстандан 3 жолку чемпиону болууга жетишти. Андан тышкары 6 кыргыз тайганым бар. Майда мелдештерде байгелер 10 миң сомго чейин болот. Тайгандарым ушундай байгелерди бир нече жолу уткан. Эң көбү 150 миң сомго чейин байге коюлат.

Кожомкул балбандын 130 жылдыгында тайганым 1-орунду алып, чоң байге утту. 1 жаштан өткөндө жарышка түшө беришет. Курагы боюнча эркек, ургаачы деп бөлүнүп жарышат. Республикалык мелдеште эркек, ургаачы болуп бөлүнбөй, чогуу чуркашат.

Тайгандарды кичинекей баланы карагандай багам. Тамактануусу боюнча жөнөкөй иттерден айырмаланат. Тамактарын тандап, жалаң эт беребиз. Өзүбүзгө сактап койгондой кылып аларга дагы жакшы сактап, өлчөмү менен берем. Чуркоого даярдаганда дагы тамагына көңүл бурам. Баары режими менен болуп турса мыкты тайган чыгат деп үмүт кылууга болот. Көбүнчөсү тоо-ташка чуркап машыгышат. Антпесе үйдө жүргөн жөнөкөй ит болуп калат. Милдеттүү түрдө 3 ай сайын ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтүп турат. Алдыда кыргыз тайгандардын санын көбөйтүүгө аракет кылам», - деди ал.

Арсланбек мырза 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×