Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуТалас району 27.08.2019 15:50 На русском

«Бишкекке кетем деп апасына кол көтөргөн бала»: Уулунун колун байлап, камчы менен сабаган ата-эне жазаланды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Талас районунда 16 жаштагы баласын камчы менен сабаган ат-эне коомдук жумуштарда иштөө менен жазаланды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Айыпталуучулар кимдер?

Талас районунун 49 жаштагы тургуну Кайрат (А.К. аты өзгөртүлдү) менен 46 жаштагы жубайы Айнура (К.А. аты өзгөртүлдү) баласын сабоого айыпталды. Аларга Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен айып тагылган.

Иштин чоо-жайы

Кайрат 2019-жылдын 14-майында саат 05:00 чамасында Талас районун Арал айыл аймагындагы сарайда үй-бүлөлүк талаш-тартыштан чыккан чатактын негизинде өзүнүн 16 жаштагы баласы К.уулу Д.нын колун жип менен байлаган. Андан кийин аялы аны камчы менен 2-3 жолу чаап, денесине жеңил жаракат келтирген.

Кайрат эмне дейт?

Сотто Кайрат күнөөсүн мойнуна алып, окуя 14 майда баласы экөө багымдат намаздан келгенден кийин болгондугун айтты. Үйгө келгенден кийин баласы «Бишкек шаарына кетем» дегенинен «апаңды тургуз, акылдашалы» деп айткан. Апасы (Айнура айым) туруп, баласына «Бишкекке барып эмне кыласың? Акча дагы жок болуп жатат» деген. Баласы урушуп, апасына кол көтөрүп жиберген. Ошондуктан жини келип, баласынын колун жип менен байлап бергенден кийин апасы аны камчы менен 2-3 жолу чапкан.

Жубайы Айнура эмне дейт?

Айнура сотто күнөөсүн мойнуна алып, уруш баласынын Бишкекке кетүү боюнча сөзүнөн кийин чыккандыгын айтты. Ага акча жок экендигин айтса баласы кол көтөргөн. Андан кийин жолдошу анын колун жип менен байлап берип, баласын 2-3 жолу чапкан.

Сот отурумуна баланын мыйзамдуу өкүлү катары ал окуган мектептин соцпедагогу катышты. Ал баланын сабалышын анын мугалиминен уккандыгын айтты.

Соттун өкүмү

Сот иштин материалдарын жана күбөлөрдүн маалыматтарын карап чыгып, жубайларды Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча айыптуу деп тапты. Алар 40 саат коомдук жумуштарга тартылмак болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×