Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 27.08.2019 17:47 На русском

Айыл турмушу: Ордочу Т.Тилемишов «Алтын томпой» турнирин 5 жолу уткан (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын 53 жаштагы тургуну Таалайбек Тилемишов ордо ойноп, бир нече ийгиликтерди жараткан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ордону жаштарга үйрөтүүдө. Ордо боюнча машыктыруучу болуп Көчмөндөр оюндарына катышкан.

«Бала күндөн чүкөнү жакшы ойноп, чүкө оюндарында кызыгам. Ал кезде чүкөнү барктап, аны менен көптөгөн оюндар ойнолчу. Азыр жаш балдар чүкө менен ойнобойт. Анын ордун алмаштырган нерселер көп болуп кетти. Облустар аралык, республикалык деңгээлдеги мелдештерде ойноп, 2005-жылдан тарта 5 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону аталып, «Алтын томпойдун» ээси болдук. Бир айылдын балдарынан куралган команда менен ойнойбуз. Кыргызстандын 7 дубанына байма-бай барып ойноп жүрөбүз. Башында ордонун жандануусу күч болгон. Айыл өкмөттөр, облустар аралык мелдештер, «Алтын томпой» жана башка турнирлер өтүп турчу. Азыр көңүл артында калгандай. Азыркы жаштардан дагы үйрөнөйүн дегендер аз.

Улуттук оюн болгон ордону жаштарга үйрөтүүгө күч жумшап келем. Бизде буйруса ордо оюнуна шарт түзүлөт деп турабыз. Кызыкдар болгон жаштар мындан дагы көбүрөөк кызыгат деп ишенем. Кээ бир чөлкөмдөрдө ордо ойнолчу жердин үстүн жаап, жаан же кар жааса да ойноого ылайыктап шарт түзүп алышкан. Кышы бою бош убактан пайдаланып ойноого мүмкүнчүлүк болот. Көп жылдан бери 7 дубандагы 50 жаштар чамасындагы ордочулар биригип, шерине уюштуруп алганбыз. Катышып турабыз. Ынтымакты бекемдеп, жаштарды оюнга аралаштырып, кызыгуу жаратып ойнойбуз.

Өзүм ордону мурунку ойноп жүргөн аксакал жана улуу акелерден үйрөнгөм. Бул оюнду ойноп келе жатканыма 24 жыл болду. Карап туруп оюнга аралашууга болот. Бирок эрежени билип ойноо команда үчүн чоң жетишкендиктерди алып келет. Командалык оюн болгондуктан бири-бирин сыйлап, тартибин сактап, уруштан алыс болуп ойногондо гана жеңиштин жемишин татууга болот. Бул ордо тарыхта хандын сарайы деген маанини берет. Оюнда бийликти алуу үчүн күч сыналат. Мында аскерлер душмандарды жеңгенди үйрөнүүгө шарт болот. Тегерек чийини болсо мамлекеттин жерин билдирип, каршылаштар ага карап «согуштун» планын ойлонушчу. Ордонун пайдасы чоң, таасирдүү оюн. Азыр жаштар башка оюндарды ордого алмаштырып машыгып ойносо, ден соолугуна, акыл-эске жакшы болмок», - деди ал.

Ордочу элетте дыйканчылык кылып, таза кандуу күлүктөрдү да багат. Үй-бүлөдө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×