Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.08.2019 14:25 На русском

Бакай-аталык жубайлар айылдык китепканага 100дөн ашык китепти белек кылышты

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 65 жаштагы тургуну Кожоматов Култайбек менен 60 жаштагы жубайы Кожоматова Айнагүл экөө айылдык китепканага 100дөн ашык китеп белек кылышты. Бул тууралуу айылдын социалдык адиси Динара Сулайманова билдирди.

«Айыл өкмөттө китепканабыз үчүн «Бир кишиден бир китеп» аттуу акция өтүүдө. Кожоматов Култайбек менен Кожоматова Айнагүл кыргыздын улуу жазуучуларынын чыгармалары камтылган 100дөн ашуун китептерди белек кылышты», - деди ал.

Жубайлардын айтымында, бул китептерди балдары окуп чыгышкан.

«Биздин 1 уул, 3 кызыбыз бар. Кыздарыбыз турмушта, уулубуздун балдары кичинекей. Биздин балдар бул китептердин баарын окуп коюшкан. Неберелерим чоңойгончо дагы көп китеп топтоп коём деп ойлойм. Ал эми азыркы учурда үйдө жөн эле чаң басып тура бербестен китепканадан өз ордун тапса, окулуп элге кереги тиеби деп ойлодук. Биз жаш кезде китептерди бири-бирибизге берип окучу элек. Ал кезде интернет деген жок болчу. Көрсө жубайым экөөбүз китеп менен кызыктуу кезди өткөрүптүрбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×