Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 28.08.2019 15:20

Жубайлар: Элчибек ата менен Байысбү апа 9 келинге кайын ата, кайын эне болушту (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын 76 жаштагы тургуну Барманалиев Элчибек ата менен 72 жаштагы жубайы Байсейитова Байысбү апа экөө 53 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Элчибек ата: Жубайым менен 1966-жылы аскерден келгенимде таанышып, ошол эле жылы баш кошконбуз. Кичинекей эле кыз болчу. Сүйлөшкөнүбүзгө карабай үйгө келин кылып алып келем деп 6 жолу даярдык көрүп барганым эсимде. Улам ишке ашпай калып жатты. Мен дагы барганымды койгон жокмун. Алтынчысында гана ата-энесинин батасын алып, мени менен келген.

Үйлөнгөндөн кийин колхоздо иштедик. 32 жыл чабан болуп тоодо жүрдүк. Боз үйдө жашап жүрдүк. 9 уулдуу болдук. Уулдарыбыз боз үйдө төрөлдү. Жайы-кышы дебей балдарды карашып, жубайым төрөгөндөн кийин кайра калыбына келип, тыңыганча тиричиликти өзүм жасап, муздак суу карматпай бакчумун. Атка жубайымды учкаштырып, тигил өзөн, бул өзөн деп биз менен тең курактуулардыкында шерине уюштуруп, өтө шайыр отурчубуз. Кемпиримдин мүнөзү коргошун. Коргошундай болуп эле көлкүлдөп турат. Эч кимге жамандык кылбайт, жаман айтпайт.

Байысбү апа: Талас районунун Ак-Жар айылынын кызымын. Талас шаарындагы кыргыз тилдүү мектепте окугам. Аны аяктаган соң Талас шаарындагы китепканада иштеп жүрдүм. Жогорку окууга барам деп, 1 балл жетпей келип калгам. Ошол чакта акелерибиз жолдошум менен сүйлөштүрүп баш кошуп калдык. Кайын энем менен 30 жыл чогуу турдук. Өзүбүз болсо тоодо жашадык.

Биздин жаштык өтө жакшы өтүптүр. Анда чалдарыбыз кырчындай жаш кездери. Ак чөлмөк ойноп, кур таштамай ойноп, көп кызыктарды уюштурчубуз. Талпактарды төшөп алып жылгаяк тээп келчүбүз. Улуу балабыз 1970-жылы туулган. Анын дагы 10 баласы бар. Эң кичүү балабыз 1990-жылы төрөлдү. 9 уулубуз үйлөнүп, 9 келин алдык. Ар бири өзүнүн чарбаларын түптөп, үй-бүлө күтүп, окуусун аяктап, өздөрү менен өздөрү болушту. Көбүнчө үйдө ата-энеси менен кичүүсү калат эмеспи. Кичүү уулубуз жумушуна байланыштуу шаарга кетип, биз ортончу келинибизди колго алып калганбыз. Келиним өзүмдүн сиңдим болот. Келиним мага жаккан, тиричиликке тың болду, алып калдык. Келиндеримдин баары жакшы. Атасы экөөбүзгө карамдуу, баары иштешет. Балдарыбыздын тандоосуна кийлигишкен жокпуз. Кудага барып эле жалаң жакшылыктарды тостук.

Жубайлар 9 уулунан 32 небере, 5 чөбөрөлүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×