Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусу, Талас 29.08.2019 16:55 На русском

«Мендей уул таппайсыз, апа»: Өмүрдөн эрте кеткен футболчу И.Иманбековдун элесине сүртүмдөр. Сүрөт

Turmush -  Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы 22-августта Суусамырдагы унаа кырсыктан каза болгон 22 жаштагы футболчу Ильич Иманбековдун апасы Багым Кыдыралиевадан кабар алды.

Анын айтымында, балдарын жалгыз өстүргөн.

«Ильич 1997-жылы 13-майда Талас районунун Козучак айылында туулган. Бекболсун деген агасы, Нурзат аттуу эжеси, Ильгиз аттуу иниси бар. Ильич 2 айлык кезинде эле биринчи жолдошум менен ажырашып кеттик. Мен ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп, колумдан келген күчүмдү жумшап чоңойттум. Талас шаарында жашадык. Бала бакчага барды. 2004-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектепке кирди. Ал жакта 7-класска чейин окуп, андан соң Бишкек шаарында спорт мектебине барган. Ал учурда баламдын спортко болгон кызыгуусун көргөндө аракет кылып, түндөп автобус менен алып барганым эсимде. Ал жакка кабыл алынганын укканда балам чоң институтка өткөндөй сүйүнгөн эле. Аны көрүп өтө бактылуу болгом. Ал жакты аяктаган соң, 2,5 жылдык футбол курсун окуп бүткөн.

Ар бир оюнга барарда дайыма «апа, мага дуба кылып коюңузчу» деп кат жазып турчу. «Мен стадионго бара жатам, стадиондон чыктым» деп жазып турчу эле. Акыркы жолу WhatsApp аркылуу: «Утулуунун даамын сезбеген адам эч качан утуштун даамын билбейт» деп кат жазган.

Өзү чоң футболдо жүрүп, чет жактарга чыгам деп тилек кылчу. Уулумдун мүнөзү жайдары, карамдуу болчу. Мени аябай жакшы көрчү. «Мендей уул таппайсыз, апа» деп күлүп калар эле», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Ош—Бишкек унаа жолунда «Академия-Лидер» футбол клубунун унаасы кырсыкка учурап, 1 оюнчусу каза болгону кабарланган.

21-август күнү Кыргыз премьер-лигасынын алкагында Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев стадионунда «Алай» футбол клубу менен Бишкек шаарынан келген «Академия-Лидер» командасы беттешкен. Оюн бүткөндөн кийин «Академия-Лидер» клубунун оюнчулары Бишкек шаарына жолго чыгышкан. 22-август күнү эртең мененки саат 8:00 чамасында Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө «Академия-Лидер» командасынын унаасы кырсыкка кабылып, футболчу каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал автоунаанын алдында отурган.

Ал эми Жайыл РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы 22-августта болжол менен саат 7:30 чамасында Ош—Бишкек жолунун 197-чакырымында болгон. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы Бишкек шаарын көздөй бара жаткан. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Степвэгон» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу анын келе жатканын байкабай, жолго чыга калган. Анын кесепетинен 2 унаа бири-бири менен кагышкан.

«Мерседес-Бенц Сринтер» оодарылган эмес. Дарыгерлердин алдын ала маалыматына караганда, унаа күтүүсүздөн силкинген учурда ичинде уктап бара жаткан жүргүнчүнүн моюн сөөгү сынып кеткен. Ал окуя болгон жерден көз жумган. Анын жанында отурган футболчу да башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул окуя Жайыл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Кыргыз премьер-лигасы инстаграмдагы баракчасы аркылуу жол кырсыктан 22 жаштагы Ильич Иманбеков каза болгонун жарыялады.

И.Иманбеков 2 жыл мурун «Алай 2» командасында 6 ай ойногон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун «Академия-Лидер» командасында ойной баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×