Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусу, Талас 03.09.2019 14:40

Таласта өтүүчү Көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталат

Turmush -  Талас облусунда өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрь күнү башталат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаралар үчүн 30 млн сомдук курулуш иштери жүрүп жатат.

«15-сентябрда эл келе баштайт деп күтүп жатабыз. Р.Алканов атындагы ат майданды кайра куруу иштерине 30 млн сом каралган. Ирригация, ички курулуштар Жерүйдүн жардамы менен болуп жатат. Учурда трибунанын бетондору куюлуп, иш өтө тездик менен жүрүп жатат. Бизде 13 күн гана калды. Учурда 50 адам иштеп жатат. Бүгүн кечке чейин иштеген адамдардын саны 100гө жетет деп турабыз. Бул 30 млн сомдук курулуш Таласта эң кыска убакта бүткөн биринчи объект болуп калат деп турабыз. Анткени бул курулуш 2 айда гана жасалып жатат.

Көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы 21-сентябрь күнү «Манас Ордо» комплексинде өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×