Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусу, Талас 03.09.2019 15:26 На русском

Видео — Таласта пара алып жатып кармалган аскер комиссариатынын жетекчиси абакка кесилди

Задержание при получении взятки
Задержание при получении взятки

Turmush -  15-апрелде пара алууга шектелип кармалган Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын жетекчисине карата өкүм чыгып, ири өлчөмдөгү айып салынып, эркиндигинен ажыратылды. Иштин материалдарын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карады.

Иштин фигуранты Жыргал (А.Ж., аты өзгөртүлдү) Бакай-Ата районунун тургуну. Жогорку билимдүү, мурда соттолгон эмес. Буга чейин Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын жетекчиси катары иштеп келген. Ага карата Жазык кодексинин 323-беренеси (мыйзамсыз баюу) жана 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Жыргал аталган кызматта иштеп турган учурда Талас районунун Көк-Токой айылында жашаган Р.Т. аттуу тургундан акча талап кылган. Ага чейин Р.Т. аскерде болбогонун жана альтернативдик кызмат өтөбөгөндүгүн билген. Анын паспортун алып коюп, аскердик документи жоктугу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына бербегени үчүн, аскердик тизмеге каттоо жана паспортун кайтарып берүү үчүн андан акча талап кыла баштаган. Кысымга кабылган Р.Т. ага пара берүүгө аргасыз болгон. Жыргал андан кийин 6-8-апрелде Р.Т. менен жолугуп, кайрадан акча талап кылган. Анын акчасы жок экенин билип туруп насыя алууну жана кепилдик катары ага үйүнүн же унаасынын документтерин берүүнү талап кылган. Ага катар эле кийинки жолу талап кылган сумманы ала келбесе укук коргоо органдарына кайрыла турганын айтып коркуткан.

Р.Т. 15-апрелде Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын кеңсесине барып, Жыргал талап кылган 20 миң сом акчаны берген. Жыргал Р.Т.дан талап кылган сумманын калган 10 миң сомун белгилүү бир убакыттан кийин сөзсүз берери жөнүндө тил кат жаздырып алган. Ал мындан тышкары Р.Т.ны курулуш иштерине бекер иштөөгө мажбурлаган. Жыргал 15-апрелде өзүнүн иш бөлмөсүндө Р.Т.дан 20 миң сом пара алгандан соң УКМКнын кызматкери тарабынан кармалган болчу. 20 миң сом акча анын кызматтык столунан табылган.

Жыргал сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, чын жүрөгүнөн өкүнөрүн билдирди. Сот иштин материалдарын карап чыгып, аны Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен айыптуу деп тапты. Сот 326-берене боюнча аны 2 жыл 6 айга камап, 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратып, 260 миң сом айып салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×