Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 04.09.2019 17:09

«Тиги кыз менен жүрөсүң»: Асан менен Үсөнгө ашык болгон кыздардын кызганычы. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Көк-Сай айылынын 27 жаштагы тургуну Шумкарбек уулу Асан менен Шумкарбек уулу Үсөн кыздар менен сүйлөшсө сөзсүз бири-бирине эскертип коюшат. Аймактык кабарчы эгиздерден кабар алды.

Үсөн мырзанын айтымында, көпчүлүк аларды айырмалай албайт. Бишкектеги агрардык окуу жайды бүткөн. Учурда айылда жеке ишкерлик менен алектенет.

«Менин мүнөзүм шайыр, Асандыкы оор басырыктуу. Кичине кезибизде сабакка кээде өзүм эле барып калчумун. Мугалимдер «эгизиң кана?» десе, «келе жатат, азыр келет» деп, кайра эгизим болуп мектепке кирип койчумун (күлүп). Ата-энебиз экөөбүздү ажыратып тааныйт. Башка туугандарыбыз Асан экөөбүздүн басканыбыздан, сүйлөгөнүбүздөн тааныйт. Кээ бир катташпаган туугандар экөөбүздү көп айырмалай албайт.

Биз бири-бирибиздин сүйлөшкөн кыздарыбызга жолобойбуз. Бирок сүйлөшүп жатканда «бул кыз менен мен сүйлөшүп жатам» деп бири-бирибизге айтып коебуз (күлүп). Мектепте Асандын сүйлөшкөн кызы байкабай мага келип, же меники Асанга барып сүйлөшүп калган учурлар болгон. Тиги кыз менен жүрөсүң деген кызгануулар да болгон. Азыр ошол үчүн башында түшүндүрүп коебуз. Учурда экөөбүз тең үй-бүлө кура элекпиз. Бирок буйруса иштеп, бутубуздан туруп алгандан кийин үй-бүлө курабыз деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Асан мырзанын айтымында, кесиби боюнча тарыхчы мугалим. Азыр айылда жеке ишкерлик менен алек.

«Үсөн экөөбүздүн кызыгуубуз эки башка. Мен мектепте окуп жүргөндө штанга көтөрчүмүн. Үсөн болсо футбол ойногонго кызыкчу. Бизди эл дене түзүлүшүбүздөн айырмаласа керек. Мен кичине толугураакмын (күлүп). Кичине кезибизде экөөбүз окшош кийинчүбүз. Азыр өзүбүз каалагандай кийинебиз. Табитибиз дагы ар кандай. Мага классикалык кийимдер жакса, Үсөнгө спорттук кийимдер жагат.

Жогорку окуу жайга барганда кызыктуу учурлар көп болгон. Үсөн менин окуу жайыма келип калганда тайпалаштарым бизди бир киши деп ойлоп, таң калышчу. Айтсаң ишенбей, экөөбүздү көргөндө ишенишчү. Кээде бир жумушубуз чыгып калып же ооруп калганда Үсөн менин кээ бир сабактарыма катышып кетчү (күлүп)», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×