Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусуТалас району 05.09.2019 10:24

Эгиздер: Жаныш менен Байыштын бири-биринин экзамендерине киргенин мугалимдери билбей калат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Сай айылындагы 14 жаштагы эгиздер Мелис уулу Жаныш менен Мелис уулу Байыш бири-бири менен көрүшпөй калышса куса болушат. Аймактык кабарчы эгиздерден кабар алды.

Апасы Марина айым: 4 балам бар. Эгиз балдарым кичүүлөрү. Жаныш 2,500 кг, Байыш 2,200 кг болуп төрөлгөн. Булардын мүнөздөрү айырмаланып турат. Бирөөсү бышык болсо, кайра бир аз убакыт өткөндөн кийин экинчиси бышык болуп калат. Мен калдарынан айырмалап билем. Атасы экөөбүз адашпай, кимиси Байыш, кимиси Жаныш экенин билебиз. Экөөнүн мүнөздөрү окшош. Балдарым кичинесинде ыйлак эмес болчу. Чоңойгон сайын баланын кылыктары чыгат эмеспи (күлүп). Ушул балдарымды атасы экөөбүз кыйынчылыктар менен чоңойттук.

Бир жолу Жаныш менен Байыш окшош кийинип, баштарына мойнуна чейин жаап, баш кийим кийип атасына «бизди ким экенибизди айтыңызчы» деп тамаша кылышкан. Бирок атасы бат эле таап алган болчу (күлүп).

Эгиз балдарымдын бирөөсү ооруп калса 3 күн өткөндөн кийин экинчиси да ооруйт. Бир жака жибергенде экинчиси куса болот. Бири-бири менен бат урушуп кайра бат эле жарашып алат. Үйдө отурганда бири сыртка чыгып кетсе артынан бир аз убакыт өтпөй эле экинчисин издей баштайт.

Бир жолу Байышты Жоон-Дөбө айылындагы таежесине жиберсем Жаныш куса болуп кыйналган эле. Ошон үчүн буларды бир жактарга чогуу жиберем.

Байыш: Мен өзүм футбол ойногонго, ат мингенге кызыгам. Чоңойгондо фермер болгум келет. Биз бири-бирибизге дайыма жардам беребиз. Бизге тай жарыштырып ойногон жагат. Жайында каникулда тай жарыштырып ойнойбуз. Бизди күнүгө туугандарыбыз адаштырып атыбызды айтып алат. Чоңойгондо эгиз кыздардан алгыбыз келет (күлүп).

Жаныш: Мен белгилүү футболчу болгум келет. Мектептен орточо окуйм. Бизде кызыктуу учурлар көп болот. Үйдө эжебиз аттарыбызды адаштырып алат. Мектепке барганда экзамен учурунда экөөбүз бири-бирибиздикине жардам берип тапшырып коебуз. Мугалимдер экөөбүздү окшоштурушуп адашып калат. Окшош кийинебиз. Классташтарыбыз биздин атыбызды жаңылып айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×