Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусу, Талас 08.09.2019 11:05

Таласта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Н.Золин 95 жашында дүйнө салды

Turmush -  Кечээ, 7-сентябрь күнү Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Золин Николай Андреевич 95 жашында каза болду. Бул маалыматты Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков тастыктады.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-сентябрда Таласка коюлат.

Россиянын Астрахань шаарында туулуп өскөн Николай Золин согуштан кийин өз каалоосу менен Кыргызстанга келген.

Анын жубайы Зинаида Золинанын айтымында, жолдошу немистерди кубалап Берлинге чейин жеткен.

«Экөөбүз тең Астрахань шаарында туулганбыз. Жолдошум 18 жашка жете элек кезинде 1942-жылы өз каалоосу менен согушка аттанган экен. Анын айтымында, Украинадагы Миус дарыясынын бир четинде биз болсок, бир четинде душмандар менен кармашып турган. «Роинки станциясында кандуу салгылашууга катышкам» деп эскерет. Варшавада болуп, Берлинге чейин жеткен. Жеңишти ошол жактан тосуп, 1946-жылы кайтып келген. Согуштан оор жаракат алган эмес, бирок 6-7 жолу өлүм алдында жүргөн.

Согуштан кийин үйлөндүк. Астраханда окуусун аяктаган соң «Кыргызстанда иштейм» деп жолдомо алган. Ошентип Таласка келдик. Мен өз кесибим менен мугалим болуп 53 жыл иштедим. Жолдошум жүк ташуучу автобазада, акыркы 11 жыл жетекчи болуп иштеди. Келгенде эле жакты. Экинчи мекенибизде өмүр бою эмгектендик. 5 баланы тарбиялап чоңойттук», - деди ардагер апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×