Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Талас облусу, Талас 10.09.2019 18:03

Айыл турмушу: Жылдыз айым жолдошуна жагуу үчүн таттууларды жасап баштап, азыр ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну Жылдыз Ибраимова үй шартында таттууларды жасап сатууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, келечекте таттууларды чыгарган цех ачууну пландап жатат.

«Мурда ар кандай даамдуу тамак-аштарды жасап жүрчүмүн. Көбүнчө кекс, булочка жасачумун. Андан кийин профессионалдуу түрдө Бишкекте окуп, атайын сертификаттын ээси болуп келдим. 2020-жылы атайын өзүмдүн кондитердик ишканамды ачсамбы деп ойлоп жатам.

Турмушка чыкканыма 6 жыл болду. Үй шартында балдарыма, жолдошума ар кандай таттууларды жасап берүүгө кызыгып баштагам. Азыр бир чети үйдөгүлөргө жасап берсем, бир чети сатып акча кылып жатам (күлүп). Ашпозчулук аялзатына эң керектүү кесип. Мен жолдошумдун жүрөгүн багынтуу үчүн ушул жакты тандап алдым (күлүп). Анткени жолдошум тамакты тандап жейт.

Мен таттууларды жасоону хобби катары көрөм. Бир гана кондитердик жакты эмес, ашпозчулук жагын дагы үйрөнсөмбү деп жатам. Ар кандай десерттерди жасаганга кызыгам. Десерттерге кошулмалар көбүрөөк колдонулгандыктан баасы дагы кымбатыраак болот. Ошондуктан аларды кымбатыраак экен деп көп буйрутма кылышпайт. Кудай буйруса октябрдан баштап десерттердин түрлөрүн жасап баштайм деп пландап жатам. Интернеттен көрүп да жасайм. Ал жакта билбеген рецепттерди тапсаң болот.

Үй шартында жасагандыктан балдарды уктатып, түнкүсүн жасайм. Үйдөн иштегенге жолдошум башында каршы болгон. Бирок үйдө отурганда депрессияга түшөт экенсиң. Ошондон кийин бир нерсе ачсамбы деп ойлоп, кондитердик жакты тандадым. Азыркы учурда көбүнчө 50 жаш, 60 жаш мааракелерге, үлпөт тойлор үчүн кекс, булочка, пирогдорго буйрутмалар болот. Тортко кээде эле буйрутма болот. Пирогдорду 280 сомдон сатыкка чыгарсам, жарым баасы өзүмө кала тургандай кылам. Көбүнчө ишемби-жекшемби күндөрү буйрутма болот. Үйдө отуруп, орточо эсеп менен 5000 сомдон өйдө киреше тапса болот. Сезон учурунда 10 миң сомго чейин киреше түшөт», - деди ал.

Ишкер айым 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×