Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 05.10.2019 22:42

Айыл турмушу: 20 жаштагы Айжан сайма сайып, киреше таап жатат

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 20 жаштагы тургуну Айжан Камчыбекова чоң апасынан үйрөнгөн сайма саюу менен киреше таап жатат. Аймактык кабарчы жаш саймачы кыздан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин сайманын түрлөрүн үйрөнүү үчүн курстарга барган.

«Кол өнөрчүлүк чоң апамдан мага өткөн өнөр деп билем. Кичине кезибизде чоң апам бизди олтургузуп алып шырдак шырып, ага оймо түшүрүп "аял киши бардыгына жөндөмдүү болуш керек" деп көп айтып калчу эле. Кийин мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, чоң апамдан калган кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү үчүн курска бардым. Ал жерден Жамалбү аттуу эжеден билим алдым. Азыркы учурда сабактан кийин көйнөк, белдемчи, чыптама, кемселдерге сайма түшүрүп киреше таап жатам. Биздин эмгек акыбыз саймага жараша. Эгер кичине баланын чермейине сайма түшүргөн болсом, 250 сом эмгек акы алам. Ал эми чоң кемсел же белдемчиге түшүрсөм, эмгек акым 350-400 сомго чейин жетет», - деди ал.

Кол өнөрчү сайманы кол жана машинка менен түшүрөт.

«Сайманы өзүм каалагандай кылып түшүрбөйм. Ар бир кардар алдын ала чиймесин чийип даярдап берет. Ошого карап сайманы түшүрүп берем. Кардардын көңүлүнө жаккандай кылып, ар бир саймага өзгөчө көңүл бурам. Бир жолу жаңы буйрутма алып баштаган учурда бир эженин белдемчисине сайма түшүрдүм. Көптө бүткөм. Белдемчини өзүм тагынып, саймаларын көрүп жатсам эмнегедир сүрөттөгүгө окшошпойт. Көрсө мен саймаларды тескерисинен түшүрүп салыптырмын. Белдемчинин ээси келгенде түшүндүрүп айтсам, менин абалыма түшүнүп алып кеткен. Ал эже менен азыр дагы көргөн жерден жакшы учурашып турабыз.

Азыркы учурда көпчүлүк иш машинка менен болуп калбадыбы. Мен дагы сайманы машинка менен түшүрөм. Айрым кардарлар "колго сайып берсең" деп суранып калат. Андай учурда колго сайма түшүргөнгө туура келет. Ал убакытты көп талап кылат. Бирок акысы көбүрөөк болот», - дейт Айжан айым.

Каарманыбыз 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×