Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 30.09.2019 09:32

Жеңеке: Жазгүл айым таарынып жүрүп Таласка келин болгон (сүрөт)

Turmush -  Кеминдик 29 жаштагы Акылбек кызы Жазгүл жеңени үйүндөгүлөр кичинесинде «таарынсаң Таласка бар» дей берип, чоңойгондо Таласка келин болду. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылына келин болуп келгенине 10 жылдын жүзү болду.

«Мен Кемин районундагы Ак-Туз деген айылда төрөлгөм. Менден кийин сиңдим жана иним бар. 2008-жылы окууну бүтүп, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына окууга тапшырдым. Кесибим экономист болчу. 2-курсумда ата-энем «окууңдун акысын өзүң аракет кылып төлө» дегенинен Бишкекке иштегени баргам. Ал учурда эртең менен сабакка барсам, түштөн кийин цехке барып, топчу тигип иштечүмүн. Ошол учурда жолдошум Жоомарт дагы айылдан окууну бүтүп, Бишкекке иштегени келген экен. Ал дагы цехте иштечү. Цехтен Жоомартты кыздардын көпчүлүгү жакшы көрчү. Бирок алардын арасынан мени тандады (күлүп). Ал мага 1 жылдай сүйлөшөлү деп сунуш кылып жүрдү. Экөөбүз теңбиз. Сүйлөшүп жүргөндө инилерим Бишкекке келишсе Жоомарт шаар кыдыртып, алар менен чогуу жүрчү. Биздин учурда жөнөкөй телефон колдончубуз. Кат жазышып сүйүнүп эле жүрчүбүз. Ал кечки убак жолугушууга келсе деп аябай күтчүмүн (күлүп). 2008-жылдын декабрь айында сүйлөшүп баштап, 2,5 жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук.

Таласка келин болом десем үйдөгүлөр таң калган деле жок. Анткени Жоомарт менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билишчү. Кичине кезимде таарынып калсам эле үйдөгүлөр «таарынсаң Таласка бар» дей берчү экен. Кийин мен күйөөгө тийгенде туугандар таң калып, бир чети «Чыңгыз Айтматовдун айылына барган турбайсыңбы» деп күлүшкөн эле. Өзүм келин болуп келгенде жумуштан эч кыйналган жокмун. Бирок камыр жайганды билбей, кийин үйрөнгөм. Мен жайган камырдын ортосу тешилип калчу. Кайра жууруп, кайра жайсам катуу болуп калчу», - деди ал.

Жазгүл айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×